Кыргызстанда накталай эмес акча жүгүртүүнүн көлөмү соңку 3 жылда бир канча эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде банк карталарын колдонуу менен 59 238,0 млн сом суммасына транзакция жүргүзүлсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 135,9 млрд сом суммасына транзакция жүргүзүлгөн. Чыгарылган карталардын саны 2 820 700 даанадан 4 660 900 даанага чейин өстү. 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде электрондук капчыктардын жардамы менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,6 млрд сом төлөнсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 5,2 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн. Электрондук капчыктардын саны 1,6 млн бирдиктен 5,4 млн даанага өстү.
Кыргызстанда мобилдик же интернет-банкинг аркылуу аралыктан башкаруу инструменттери менен накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн артыкчылыгын өзгөчө пандемия учурунда, кыймыл чектелген кезде өсө баштаган.
Улуттук банк билдиргендей, төлөмдөрдү ачык-айкын жүргүзүүнү жогорулатуу жагында накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн өсүшү мамлекет үчүн да маанилүү. Мисалы көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, банкнотторду басып чыгарууга кеткен чыгымдарды азайтуу, накталай акчаны ташуу чыгымдарын кыскартуу жана башкалар.
Накталай эмес төлөмдөр – бул банк карталары, электрондук капчыктар, QR коддор, мобилдик тиркемелер сыяктуу инструменттердин жардамы менен накталай акчаны колдонбостон төлөм жүргүзүү дегенди билдирет, мында накталай акчаны сатып алуучудан сатуучуга берүү талап кылынбайт.