Connect with us

Бүгүн Бишкекте «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 306 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкекте Борбор Азиядагы жашыл экономиканы өнүктүрүүгө арналган «Жашыл экономика – 2022» аймактык форуму өтүп жатат. Форумдун негизги максаты бизнес байланыштардын потенциалын түзүү жана жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана Борбор Азия аймагын глобалдык деңгээлде жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн туруктуу платформа катары илгерилетүү үчүн бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Форум ийгиликтүү спикерлер менен пленардык  талкуу,  көргөзмө, айым ишкерлердин ишмердүүлүгү, инвестиция тартуу, 20дан ашуун кызыктуу инвестициялык долбоорлор, инвестиция үчүн компанияларды баалоо боюнча мастер-класстар менен коштолууда.

Иш-чара JIA Бизнес -ассоциациясы тарабынан Кыргызстан Банктар союзу, Экономика жана коммерция министрлигинин макулдугу астындагы Кыргызстан туроператорлор ассоциациясы, Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому), ПРООНдун Кыргызстандагы Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракетинин алкагында (PAGE), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси (ЕККУ), Ага Хан инициативдик фонду, Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду биргелешип каржылаган AP ASIA долбоорунун алкагындагы Accelerate Prosperity инвестициялык бизнес акселератору менен биргеликте уюштурулууда.

Кечээ, 10-ноябрда Бишкек инвестициялык форуму болуп өттү. Ага 1500дөн ашык ишкер жана инвесторлор келип катышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM