Connect with us

Абдыкаров: «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын киргизүүдө кемчиликтер болду

Кыска кабар | 11 Ноя 2022 | 472 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын мектептерге киргизүү маселесин дин өкүлдөрү талкуулап жатат.

Тегерек столго президенттин администрациясынан, билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев катышууда. 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаров мектептерге диндердин тарыхын окутуу сабагын киргизүүдө бир топ кемчилик болгонун айтты. Анын ичинде мугалимдерди табуу маселе жараткан.

Бирок предмет убагында киргизилгени туура болгонун билдирди.

Учурда 9-класстарга «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы окутулууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM