Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад: Соттун экинчи күнү

Саясат | 10 Ноя 2022 | 518 | 0

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү боюнча териштирүүнү улантууда. Бүгүн дагы бир катар саясатчы, укук коргоочулардын ишине сот чечим чыгарды. Кечээтен бери болуп жаткан шаардык соттун отурумдары райондук соттун чечимин өзгөрткөн жок.

10-ноябрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча пикирин билдирип, бийликтин чечимине каршы болуп келген саясатчы, укук коргоочулардын ишин кароону улантты. Анда саясатчы Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Канат Исаев, Акыл Айтбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Маматаев, Кубанычбек Кадыров жана укук коргоочу Рита Карасартова, Марат Баязовдун иштери каралды.

Шаардык сот аларга карата Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз күчүндө калтыруу чечимин кабыл алып, 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн Конституциялык укугун колдонгонун, иш-аракеттеринде мыйзам бузуулар болбогонун айтат. Ал өзүнө тагылган айыптарды жасалма деп атады.

“Сөз эркиндиги, биз чогула турган эркиндик, биз митинг кыла турган, маалыматка ээ боло турган эркиндигибиз, бардык маселелер мыйзам чегинде. Ошон үчүн менин кыймыл-аракетимде бир дагы, кыпындай мыйзам бузуу жок. Экинчиден, Кемпир-Абад Кыргызстандын жери. 65-жылы Өзбекстанга өткөн дегени калп. Эгер анда кеткен болсо, Өзбекстандын жерин кайра эле Өзбекстанга кантип берет эле?”, — деди укук коргоочу.

Ушул эле маселе боюнча саясатчы Равшан Жээнбековдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жана бөгөт чарасын кайра кароо боюнча отурум өтүп, ага карата да чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев саясатчынын адвокаттык лицензиясы бар экенин айтып, аны кармоодо бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун эске алып, анын бөгөт чарасын өзгөртүп берүүнү өтүндү.

Анын айтымында, адвокатура жөнүндөгү мыйзамга ылайык, шектүү адвокат кармалгандан кийин 24 саат ичинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына билдирүү бериши керек. Бирок Жээнбековду кармаган 23-октябрдан бери бул факты боюнча аталган органга билдирүү берген эмес.

Равшан Жээнбеков өзү муну саясий куугунтук деп, каршы пикир билдиргендердин оозун жабуу аракети катары сыпаттады.

“Биздин Конституциябыз, мыйзамдарыбыз, эл аралык укуктар бизге уюмдарды түзүү укугун берген. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин эмнеси мыйзамсыз? Айткылачы?! Ал жакта Кыргызстанда көрүнүктүү жарандык активисттер, жарандык лидерлер, көрүнүктүү журналисттер, көрүнүктүү саясатчылар Конституцияда жазылган биригүү, саясий жана коомдук уюм түзүү укугу менен пайдаланып жатат. Анын эмнеси мыйзамсыз? Баарыбызды алып келип, мыйзамсыз, адилетсиз, саясий максатта кармап отурат. Анткени, биздин оозубузду жаап, түрмөгө камап, коркутуп, Кемпир-Абадды коңшу өлөгө өткөрүп берүү максатын койгон”, — деди Жээнбеков.

Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы да каралды. Ал эки айга эркинен ажыратып коюуга эч бир негиз болбогонуна карабай соттор саясий буйрукту аткарып жатканын айтат.

“Камакка алуу дегенди өзүңөр түшүнүп жатасыңар. Бул — күнөөсү далилдене элек адамды эркинен ажыратып коюу. Мына бизди эки айга эркибизден ажыратып коюп жатат. Бирок мыйзам «тергөөчү сотко токтом менен келгенде, сөзсүз түрдө фактыларга негизделген жагдайларды жазып келиш керек жана ошолорду далил катары материалга тиркеп келиш керек» деп жатат. А сот ошонун мыйзамдуулугун текшерип, анан «туура, бул киши шек саноого негиз бар экен» деп, ошондо гана кайсыл бир мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарып бериши керек. А биздин тергөөчү эч нерсени негиздебей, далилдебей, а соттор аны текшербей эле чечим чыгарып койду”

Ал эми отурумга катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров соттордун көз каранды болуп жатканын сынга алды.

“Эми соттор туулганда көз каранды болуп туулат. Орустарда жакшы сөз бар, «өрмөлөшкө туулган киши учканга милдеттүү эмес» деген. Булар ошол өрмөлөшкө туулган. Эртең эле заман өзгөрүп, таңкы саат беште чыгарып, чечимин кайра ал десе ала берет. Буларда сезим, жоопкерчилик, эртең тарыхтын алдында жооп берем деген сезимдери жок”, — деди депутат.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети 22-октябрда түзүлгөн. Ага саясий уюмдар, активисттер, блогерлер жана саясатчылар мүчө болгон.

23-октябрь күнү комитетке мүчө болгондордун баарынын үйү тинтүүгө алынып, милиция кармап кеткен. Аларга карата “массалык башаламандык уюштурууга даярдануу” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

24-25-октябрда саясатчыларга Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

Бишкек шаардык соту Асия Сасыкбаева, Бектур Асанов, Канат Исаев, Акыл Айтбаев, Улукбек Маматаев, Марат Баязовдорго карата чечимди өзгөртүүсүз калтырды.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев соттор акыйкатсыз чечим чыгарып жатканын айтат. Ал укук коргоочулар менен кенешип, Магнитский тизмесин түзүп, сотторго карата чара көрөрүн билдирди.

“Эки кундөн бери соту болуп жаткандар боюнча сотко нааразычылык пайда болду. Ушунча акыйкатсыз, баары ачык эле билинип турат. Биздин комитет ушундай ойго келди, эми биз эл аралык уюмдарга кайрылып, Магнитскийдин тизмесин түзүп, демократиялуу өлкөлөргө кайрылабыз. Бүгүнкү күнү ушундай чиновниктер, соттор, прокурорлор өздөрү эле эмес, балдары дагы башка өлкөлөргө кире албай тургандай кылабыз”, — дейт Аргымбаев.

Аргымбаев мындай жол менен туура эмес чечим чыгарып келаткан соттордун жана укук коргоо органдарындагы бир нече кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү демократиялуу өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салынарын кошумчалады.

Кыргыз бийлиги Кемпир-Абад суу сактагычы 5 миң гектар жер менен Өзбекстанга өтүп, ордуна 19 миң гектар жер аларын айткан. Бирок стратегиялык объект болуп эсептелген суу сактагычтын берилишине каршы пикирлер басымдуулук кылып келет. Ага байланыштуу митинг, курултай жана жыйындар өткөрүлүүдө.

Бул жагдайга байланыштуу пикирин билддирген саясатчы жана активисттердин кармалышына адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар тынчсызданууларын билдиришти. Өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы саясий куугунтуктарды сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM