Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад: кармалгандарга карата чечим өзгөргөн жок

Саясат | 9 Ноя 2022 | 572 | 0

9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыккан саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу боюнча апелляциялык сот отурумдары өттү. Бүгүн алардын айрымдарынын кармалышынын мыйзамдуулугун жана райондук соттун чыгарган чечиминин үстүнөн бир канча соттук териштирүү болду.

Бишкек шаардык соту 9-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, жарандык активисттер Перизат Суранова, Атай Бейшенбек уулу, Али Шабдан жана саясатчы Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасын кайрадан карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулунун жактоочулары анынКемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү эместигин жана жыйындарга катышпаганын айтышты. Ошондуктан Бейшенбек уулуна карата үй камагына чыгаруу же эч жакка кетпөө тил каты менен бошотууга мыйзам жол берерин билдиришти. Бирок соттук коллегия аны камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок.

“Мыйзам үстөмдүк кылбаган коомдо өнүгүү болбойт. Биз мыйзамдуулукту, акыйкаттуулукту, адилеттүүлүктү, ачык саясатты ар дайым талап кылабыз. Биз эч качан мыйзамсыз иш-аракеттерге чакырык жасаган эмеспиз. Ошондуктан, кандай учур болбосун, биз өз принцибибизден тайбайбыз. Бекем туруңуздар. Адилетүү, ачык бийлик курганга салым кошуңуздар”, — деди Бейшенбек уулу.

Жапырт кармалган активист, саясатчылардын алтоосу аял кишилер болгон. Алардын бири Гүлнара Журабаеванын да баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз күчүндө калтырылды.

Анын жактоочусу Автандил Бакытбек уулу Журабаеваны кармоо мыйзамсыз болгонун далилдеп бергенине карабай, сот туура эмес чечим чыгарды деген пикирин айтты.

“Биздин аны кармалганын мыйзамсыз деп табуу жөнүндө жана баш бөгөт чарасын өзгөртүү жөнүндөгү аппеляциялык даттануубузду бүгүн Бишкек шаардык соту канаатандыруусуз калтырып, мыйзамсыз камакта калтырды. Биз тергөө жана прокуротура тарабынан мыйзам бузуулар катталганын далилдеп, прокурор ага макул болгон учурда дагы сот мыйзамсыз чечим чыгарды деп эсептейбиз”, — деп билдирди жактоочу.

Ушундай эле чечим УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбевге жана “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Перизат Сурановага карата кабыл алынды.

Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин сотко көрсөткөнүн, бирок ага көңүл бурулбай калганын айтат.

“Бүт процессте тергөөчү кетирген каталардын баарын көрсөтүп чыктым. Биринчиден, козголгон кылмыш иши тааныштырылган эмес. Экинчиден, кармалган жери жазылган эмес. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктарын, сотко катышпаганын белгилеп кеттим. Бирок ага соттук коллегия көңүл бурган жок. Ошону менен биздин даттануубузуд канаатандыруусуз калтырды».

Ушундай эле жагдайда активист Али Шабдандын кармалышы жана баш коргоо чарасы боюнча соттук отурум өттү. Адвокаты активисттин кармалышы мыйзамсыз болгонун жана коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айтып, кое берүүнү өтүндү.

Али Шабдан өзү да үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына чыгарып турууну соттон суранды.

“Алар «жаздан бери Али Шабдан чогулуштарды уюштуруп, жыйындарга катышып, массалык башаламандыктарга катышуу ниети болгон» деп атышат. Тергөөчүдөн сурап атам, бир сүрөт барбы ошол чогулуштар боюнча? Кайсыл жерде, канча адам чогултуптурмун? Бир документ көрсөтүп койгулачы. Сиздерден суранып кетет элем, урматтуу соттук коллегия, 11 айлык кызым бар, эми кылыктары чыгып келаткан. Ошонун жанынан чыккым келбейт, үй-бүлөмдү мен багам. Ушул жагдайды эске алып, мени үй камагына чыгарып койгула”, — деди Али Шабдан.

Бирок шаардык сот активисттин суранычын канааттандырбай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну чечти.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети 22-октябрда түзүлгөн. Ага саясий уюмдар, активисттер, блогерлер жана саясатчылар мүчө болгон.

23-октябрь күнү комитетке мүчө болгондордун баарынын үйү тинтүүгө алынып, милиция кармап кеткен. Аларга карата “массалык башаламандык уюштурууга даярдануу” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул кылмыш иши башынан эле туура эмес ачылганын, одоно мыйзам бузуулар болгонун айтты.

“Бул ишти баарыбыз башынан билебиз, кармалганда эле мыйзамсыздык болгон. Баш коргоо чарасын караганы Биринчи май райондук сотуна алып келгенде козголгон кылмыш иши тууралуу токтомду эч ким көргөн эмес. Бул кылмыш иш баштлаганда кыйшык башталган. Мыйзамдарды бузуу менен кармалган. Мына азыр бир эле соттук коллегия бир эле кылмыш ишинин алкагында кармалгандардын үчүнчүсүн карап жатат”, — деди укук коргоочу.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Өзбекстан менен чек ара маселеси толук чечилип, анда 99% кыргыз тарап утушта экенин айткан. Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы жерди жана суу сактагычтын өзү толугу менен өзбек тарапка өтүп, бирок сууну бөлүштүрүү иштерине эки тараптан атайын топ түзүлмөк. Анын ордуна талаштуу аймактарда 19 миң гектар Кыргызстанга өткөнүн жарыялаган.

Бирок буга каршы пикирлер басымдуу болуп, митинг, курултай жана жыйындар өтүп келди.

Бул жагдайга байланыштуу пикирин билддирген саясатчы жана активисттердин кармалышына адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар тынчсызданууларын билдиришти. Өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы саясий куугунтуктарды сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM