Биз менен байланышыңыз

«Алькони 100» жана анын адал сертификатынын айланасындагы талаш

Коом | 3 Ноя 2022 | 1462 | 0

“Не сахар” долбоорунун “Алькони 100” жеңил тамак-аш өндүрүүчү жайында тарткан видеосу коомчулукта резонанс пайда кылды. Анда тамактын санитардык норма сакталбай өндүрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Бул берүү коомдо тамак-аш коопсуздугун күн тартибине чыгарды. Кыргызстанда “Алькони” маркасындагы камыр кесмелерди чыгарган эки завод бар.

“Алькони 100” деп аталган тез даярдалуучу тамак-аштын түрү өлкөнүн дээрлик ар бир азык-түлүк дүкөнүндө сатылат. Ютуб порталында бир күндө миллиондон ашуун көрүүчүнүн көңүлүн бурган “Алькони 100” берүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, тамак-аш коопсуздугу күн тартибиндеги маселе болуп турат.

Бул даяр тамакты “Пром Трейдинг” ЖЧКсы өндүрөт. Ал компания Бишкек шаарында жайгашып, бирок шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын каттоосуна турган эмес.

“Не сахар” долбоорунун журналисти Умар Даданов санэпид көзөмөл борбору иштебей жатканын берүүсүндө сынга алган.

“Эгерде саниэпидем көзөмөл борбору иштесе, мынчалык болбойт эле. Анткени, “Альконинин” миллиондогон соода жүгүртүүсү бар, ар бир дүкөн, маркеттерде сатылат”

Бишкек шаардык санэпид көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Махамат Мырзалиевдин айтымында, тамак-аш өндүрүүчү жайлардын санитардык абалын текшерүүгө мыйзам жол бербей келген. Ага кошумча, чуу жараткан компания аталган борбордун тизмесинде да жок болуп чыккан.

Ал 2018-жылы мыйзамга киргизилген мораторий узартылып, быйыл июль айында гана алынганын айтат. Ага ылайык, мораторий киргизилген убакытта ачылган компанияларды үч жылга чейин текшерүүгө алуу чектелген.

“Биздин мыйзамда 3 жылга чейин жаңы ачылган объектке эч ким барбасын деген берене бар болчу. Мисалы бүгүн ачылса, 3 жылдан кийин гана текшерүүгө бара алабыз. Ызы-чуу болуп жаткан объект биздин учетто жок. Мен издеп таппай койдум. Дарегин карасам, ЭЭА Бишкек деп туруптур, ал аймак шаарга карабайт. Сиз айткандай, бул бизге караштуу башка компания болсо, биз маалыматтарды дагы карап, Экономика министрлигине кагаз жиберебиз. Аларга билдирүү бергенден кийин текшергени барабыз”, — деди Мырзалиев.

Кыргызстанда “Алькони” маркасындагы камыр кесмелерди чыгарган эки завод бар. Алардын бири, “YUWI International Company LTD-FEZ” ЖЧКсы Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Ал эми сөз болуп жаткан завод Бишкек шаарында иштейт.

Коомчулукта өндүрүштүн санитардык нормасын гана эмес, ага адал сертификатын берген интустриялык борборлорго да сын айтылып жатат.

“Алькони 100” адал азык талаптарына жооп бергендиги тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан сертификат берилген. Компания андан сырткары “Адал инстуриясын өнүктүрүү борборунун” логотибин колдонуп келген.

Бирок аталган органдан эч кандай кароосунан өткөн эмес. Бул тууралуу борбордун директору Абдулхамид Шамшидин уулу билдирди.

Анын айтымында, “Пром Трейдинг” компаниясы адал белгисин расмий тастыктаган документисиз өндүрүшүндө колдонуп келген. Азыркы учурда тиешелүү органдарга атайын кат менен кайрылып, чара көрүүнү суранганын айтты.

“Бул өндүрүш компания биздин “адал белгисин” мыйзамсыз колдонуп жатканы белгилүү болду. Биз аларга уруксат берген эмеспиз, а булар биздин уруксатыбыз жок, адал деген сертификатты албай эле логотибин колдонуп жатат. Биз бул боюнча Монополияга каршы күрөшүү кызматына расмий кат жибергенбиз. Ошондой эле “Пром Трейдинг” ЖЧКсына эскертүү бергенбиз, эгерде 3 күндүн ичинде “адал белгисин” алып салгыла, же биздин орган менен келишим түзүп, силерди сертификациядан өткөрөбүз деп. Биз ошондо аларды өзүбүздүн көзөмөлгө алып, алардын тазалыгына дагы жооп беребиз”, — деди Шамшидин уулу.

Адал индустриясын өнүктүрүү борбору Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан заводдон чыккан “Алькони” азыктарын тыкыр көзөмөлдөп турат.

Шамшидин уулу өзү жетектеген органдын сертификатын алган 100гө жакын тамак-аш өндүрүүчү компания бар экенин кошумчалады. Борбордун сертификаты алгач азыктын адал же адал эместигин текшерип, андан соң тазалыгы жана кызматкерлердин иштөө эрежесин аныктагандан кийин берилет.

Ал эми “Пром Трейдинг” компаниясы чыгарган азыкка адалдыгын тастыктаган сертфикатты Муфтият берген. Мекеменин адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу сертификат берилгенин тастыктап, буларды айтты:

“Ооба, бул анык. Негизи биз адал сертификатын бир жыл мөөнөткө беребиз. Анда сөзсүз түрдө тиешелүү мамлекеттик органдардын керектүү документтеринин негизинде, адал стандартынын талабына ылайык берилет. Албетте, бергенден кийин барып текшерүүгө алабыз. Эгерде талапка жооп бербей калса, биз сертификатты кайра артка кайтарып алуу укугубуз бар”

Токтогазы уулу “Алькони” компаниясын текшерүү үчүн мамлекеттик органдар менен бирге атайын комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун, анын ичинде адал азыкты текшерүү үчүн Экономика министрлигинин алдында түзүлгөн “Адал индустриясын өнүктүрүү” мамлекеттик мекемеси иштейт.

Бул мекеме адал сертификатын берген уюмдарды окутуудан өткөрүп, адал индустриясын өнүктүрүү иштерине жол ачып берет.

Адал индустриясын өнүктүрүү мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков алдыда адал азыктарына көзөмөл күчөй турганын айтты. Анын билдиришинче, Жогорку Кеңештин кароосуна адал азыктарын аныктоо шартын жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору кирген. Эгер кабыл алынса, адал азыктарын аныктоо үчүн логотиби менен бирге QR коду дагы болот.

Кайырбеков мындай жол менен керектөөчүлөр азыктын кайсы борбордун көзөмөлүндө турганын аныктай аларын айтат.

“Кудай буйруса, Жогорку Кеңеш кабыл алып берсе, ошол жерде жазылган: товарга “адал” деген белги кайсы борборго тиешелүү болсо, ага ошол жооп бериши керек. Анан керектөөчү базаргабы, дүкөнгөбү барып адал деген белгиси менен бир нерсе ала турган болсо, ошол жерге QR код кошулат мыйзам боюнча. Ошол жерде телефон аркылуу ал азыкка кайсы борбор сертификат берди, качан берди, курамында эмнелер бар экенин билсе болот”

Андан сырткары, мыйзам долбоорунда адал сертификатын берген борборлорду аккредитациядан өткөрүп туруу дагы каралган.

Ал эми “Алькони” фирмасына сертификат берген уюмду кандай шартта, кайсы норма менен бергенин текшере турганын Кайырбеков кошумчалады.

Кыргызстанда санитардык талаптарга жооп бербеген шартта тамак-аш даярдалып жатканы биринчи жолу ачыккка чыккан жок. Буга чейин тез татымдар даярдалган жерлердин да абалы чуу салган.

Copyright © 2017 Maral FM