Биз менен байланышыңыз

Депутаттын мал-жандыкка салык киргизүү сунушу сынга кабылды

Саясат | 3 Ноя 2022 | 650 | 0
Автор: Зафер Динжер

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кыргызстанда мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштады. Мындай жол менен ал айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга боло тургандыгын айтат. Депутаттын бул салыктын жаңы түрүн киргизүү сунушу коомчулукта кызуу сынга кабылды. Айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга багытталган депутаттын сунушу колдоо табышы мүмкүнбү? 

Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев фракциянын 10 мүнөттүк мөөнөтүн сурап, жогорку трибунадан мал-жандыкка салык киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, жер салыгын көбөйтүү жана мал-жандыкка салык киргизүү менен айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгарууга болот. Депутат статистикага таянып, Кыргызстанда 2 млнго жакын ири мүйүздүү мал, 700 миңге жакын жылкы, 8 млндон ашык кой бар экендигин айтты.

Анын баамында учурда айылда жарандардын үйүндөгү шарттар оңолуп, ар бир үйдө экиден унаа бар.

«Кудайга шүгүр, айыл жергесинде элибиз байыды, үчтөн-төрттөн унаалары бар. Айылдагылар шаардагылардан кем эмес жашап калды. Мен да айылдык баламын. Жылкыга, ири мүйүздүү малга, койго салык киргизүү тууралуу оюмду айткым келет. Учурда жылкынын орточо баасы – 70-100 миң, ири мүйүздүү малдыкы – 60-80 миң сом жана койдуку – 12-18 миң сом. Койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү мал менен жылкыга 250 сомдон салык киргизсек, айыл өкмөттөргө 1,5 млрд сом каражат түшөт. Жер салыгын кайрадан карап чыгып, мал-жакдыктарга салык киргизген болсок, жылына 3 млрд сомдун тегерегинде бюджетке каражат түшөт».

Жеңишбек Токторбаев эгерде депутаттар макул болушса, анда мал жандыкка салык салуу боюнча мыйзам долбоорду Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен бирге иштеп чыгууну сунуштады.

Сокулук районунун Чат-Көл айылынын тургуну Кумар Мажитов депутаттын сунушун колдобойт. Анын айтымында, мал кармоо кирешелүү деп айтылганы менен чындыгында малды багуу кымбатка турарын белгиледи.

«Өзү малды кыйналып багып жатабыз. Малдын чөбү дагы, жеми дагы кымбат. Анан дагы малга салык салса элге оор келет. Салык салгандан кийин мал багуунун кирешеси деле калбайт. Азыр бир түк чөп 200 сом, жүгөрүнүн бир киллограмы 20 сом, арпа 25 сом. Беш уй багып, күнүнө 50 литр сүт алам. Элестетип көргүлө малдын жегенин эле каптап, кичине эле киреше кирип жатат. Болгону 5 малым болсо, анан дагы ар бирине айына салык төлөп жүрсөк, мен каршымын».

Көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек депутат өз билдирүүсү менен президент Садыр Жапаров бийликке келип, «эл жыргып жатат» деген ойду кыйыр түрдө айткысы келип жаткандыгын белгилейт. Анын баамында мындай сунушуту депутатка башкалар сунушуташы мүмкүн. Бул жөн эле мамлекеттин маалыматтык пропагандалоо технологиясы жана ачык эле манипуляция.

«Бул деген ошол депутаттын аймактагы жашоо турмуштан, 60% айылда жашаган карапайым калктын турмушунан кабары жоктугун билдирет. Биринчиден, мал багуу чоң фермер болбогондон кийин киреше алып келбейт. Тескерисинче мал багуу азыр чыгашалуу тармак. Жарандар күнүмдүк турмушун өткөрүү үчүн мал багат. Биздин калктын 30%ы жакыр, бул расмий статистикалык көрсөткүч. Ошонун басымдуу бөлүгү айылда жашайт. «Ар бир үйдө экиден машина бар, эл жыргап жатат» дегени ал жалпы айтканы. Ал расмий статистиканы билбейт жана эч кандай изилдөөлөргө таянган эмес. Ал кайсы изилдөөнүн негизинде ошентип айтып жатат. Салык менен маселе чечилбейт, тескерисинче ошол болгон малы менен кантип киреше табууну, ишкерликти үйрөтүш керек. Мал чарбаларды изилдеп, чоңойтуш керек. Ошондо гана киреше жөнүндө, элдин турмушунун деңгээлин көтөрүү жөнүндө сөз айтса болот. Анын сунушу кемчонтойлук. Себеби эч кандай изилдөө, анализ жана эсептөөлөр жок, айтып койгон куру сөз».

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 372си дотацияда турат, башкача айтканда мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат менен каржыланат. Коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруунун бирден-бир жолу, жаңы салыктын түрүн киргизбей туруп эле, салыкты туура чогултуу деп эсептейт.

Анын айтымында, мыйзам чыгаруунун эл аралык принциптерине ылайык, жарандардын абалын оорлотуучу мыйзамдарды кабыл алууга болбойт. Тескерисинче, депутаттар элдин жашоосун жакшыртуучу мыйзамдарды иштеп чыгып, элдин кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Парламент аткаруудагы болгон мыйзамдардын иштешин өкмөттөн талап кылганды үйрөнүшү зарыл.

«Эли аз, дотацияда турган айыл өкмөтөрдө элди ого бетер кыйнап, депрессиялык ыкмаларды колдонбош керек. Ансыз дагы Кыргызстанда жайыт комитеттери иштеп жатат. Малчылар мал башына ансыз деле жайытка салык төлөйт. Бул дагы кыйр түрдө малга салык болуп саналат. Бир мал үчүн эки жолу салык төлөбөш керек. Дотациядан чыгаруу үчүн салык чогултуунун жолго коюш керек. Салык чогултууга мүмкүнчүлүктү айыл өкмөттөрдүн өзунө бериш керек. Райондук же облустук салыкчылар келип айыл өкмөттөгүлөрдүн ишин билбегендиктен, салыктар чогулбай калып жатат. Салык чогултууну жакшыртуу менен оңдосо болот, жаңы салыктарды көбөйтпөй. Эми депутаттарга тиешелүү айта турган болсом, негизи эле мыйзам чыгаруунун эл аралык принциптери бар. Жарандардын абалын оорлотуучу мыйзамдарды кабыл алууга болбойт. Жарандар мыйзам үчүн эмес, мыйзамдар жаран үчүн иштеши керек. Өлкөнүн, мамлекеттин, бийликтин ээси-эл. Эл туткун эмес. Ошондуктан ошол эле депутаттарга элге кызмат кылышы керек. Эмне үчүн куйрук итке буйрук берет? Ал туура эмес. Ит куйрукка буйрук бериши керек. Элдин талабын аткарып, элдин жашоосун жакшыртуучу мыйзамдарды токуп, аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Парламент аткаруудагы болгон мыйзамдардын иштешин өкмөттөн талап кылганды үйрөнүшү керек. Алар жалтактап, өкмөткө бир ооз ача албай эле, өкмөттөн ашып өтүп, элге асылат. Ансыз дагы өлкөдө экономикалык абал оор болуп турат».

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы, жумушсуздук, киреше булактын жоктугу, саясий туруксуздук, жумушчу орундардын жоктугу, инфиляция,  финансылык сабатсыздык жана билимтин аздыгы жакырлардын санын көбөйүшүнө алып келип жатканы айтылып келет. Кыргызстанда бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча 25 пайыз, иш жүзүндө 80 пайыз эл жакыр жашаганы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM