Биз менен байланышыңыз

Каржы министрлиги 2023-жылы тышкы карызды жабууга 48,6 млрд сом бөлөт

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 221 | 0

Каржы министрлиги 2023-жылы тышкы карызды жабууга 48,6 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Комитетте 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоору каралды.

2022-жылдын 31-июлуна карата тышкы карыз 4 миллиард 212 миллион долларды, ички карыз 1 миллиард 1 миллион долларды түздү. Жалпысынан 5 млрд 213 млн доллар же 433 млрд 589 млн сом.

Депутат Алишер Козуев 2021-2023-жылдары тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн көлөмүн сурады.

Министрликтин маалыматына караганда, 2021-жылы 29 млрд 532 млн сом, 2022-жылы 39 млрд 528 млн сом каралса, 9 айдын жыйынтыгы боюнча 24,6 млрд сом тышкы карызга төлөндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM