Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сузактын тургуну «Хизб ут-Тахрирден» чыкты

Кыска кабар | 3 Ноя 2022 | 152 | 0

УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сузак районунун Х.А.С. аттуу тургуну радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Ал 2005-жылдан бери «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө ал диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды мыйзамсыз чакырыктарга алданбоого чакырды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM