Биз менен байланышыңыз

Журналистти кармоого 3-4 жыл мурун бөлүшкөн посту себеп болдубу?

Коом , Саясат | 2 Ноя 2022 | 950 | 0

Кечээ, 1-ноябрда буга чейин кыргыз гезиттеринде эмгектенип, криминалдар тууралуу иликтөөлөрдү жазган журналист Семетей Талас уулу 48 саатка Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралары күтүлүүдө.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен айып коюлууда.

Буга чейин Кыргызстанда массалык башаламандыкка даярдык көргөн деген шек менен 20дан ашуун активист, саясатчы камалган. Ал эми эркин журналист Семетей Талас уулу да социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бийликке сын айтып, пикирлерин жазып жүргөн. 

Жарандык коом мындай аракеттерди саясий куугунтук жана сөз эркиндигине басым катары сыпаттоодо.

Ушул жылдын 22-октябрында саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн. Алар Кемпир-Абад боюнча документтерди коомчулукка жарыялоону жана чек ара маселелерин Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде кароону талап кылышкан.

23-октябрдын таңында Кемпир-Абадды коргоо комитенинин бардык мүчөлөрүнүн үйүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгени айтылып, кечинде жалпы 19 жаран, саясатчылар жана активисттер ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Өткөн жуманын соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген. Бура менен кошо мурда кармалган активисттердин баарын эки айга камакка алуу чечими чыккан. Алардын баарына «массалык башаламандык уюштурууга» аракеттенди деген кине коюлууда.

Ал эми 1-ноябрда журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулу суракка чакырылып, 48 сааатка камакка алынды. Ал кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен шектелүүдө.

«Fecebооk» социалдык тармакта журналист Семетей Талас уулу экстремисттик материалдар камтылган билдирүүнү жарыялаганы үчүн ага кылмыш иш козголгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

“2021-жылдын 3-сентябрында жогорудагы факты боюнча комплекстүү соттук-лингвистикалык жана дин таануу экспертизасы дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, Семетей Талас уулунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна тиешелүү маалыматтар камтылганы аныкталган. Ал Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда”.

Быйыл 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган.

Журналист Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды таратуу» деген берененин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берип, бирок үйүнө кое берилген болчу.

Семетей Талас уулу менен көп жылдар бою чогуу иштешкен эркин журналист Тынчтыкбек Алтымышев анын 3-4 жыл мурун бөлүшкөн постуна укук коргоо органдары азыр реакция кылып, аны камоо бийлик башындагылардын айла жоктугунан, башка илинчек таба албаганынан кабар берерин билдирди.

Ал Семетей Талас уулу эч бир партиянын, саясатчынын же уюмдун балтасын чаппаган, чындыкты айткан, соцтармактарда бийлик өкүлдөрүнүн кетирип жаткан каталарын көзгө сайып көрсөтүп турган журналист деп сыпаттады.

“Семетей айтылып жаткан макаланы 3 жыл мурун бөлүшүп, кийин өчүрүлгөн. Ошол макаладан таасирленип “Хизб ут-Тахрирге” бирөөнүн кирип кеткени тууралуу бир дагы анализ же факты жок. Жөн эле бийликтегилерге чындык жакпай калды.

Буга чейин 20дан ашуун активист, блогерлерди камап салышты. “Камадык, айлана тынч, фэйсбуктун кунары качып бара жатат, социалдык түйүндөрдө активисттердин билдирүүлөрү азайып баратат, пассивдүүлүк пайда болду. Демек чекесинен камай берсек эл коркуп калат экен, оозун ачышпай колдорун көтөрүп эле бизди карап турушат, анан биз каалаганыбызды кыла берет экенбиз”, — деген бир сокур саясатты туу тутуп алышты окшойт биздин бийликтегилер”.

Семетей Талас уулу Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе актуалдуу боло баштагандан бери социалдык тармактарда пикирин байма-бай ачык билдирип келген. Бийлик өкүлдөрүнө карата курч сын айткан журналисттин камалышы өлкөдөгү укуктук башаламандыктын чегинен чыгып кеткенин көрсөтүп жатат. Мындай пикирин көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова билдирди.

Ал бүгүнкү күндөгү болуп жаткан массалык камоолорду – саясий сабатсыздыктын көрсөткүчү катары баалады.

“Камоолордун бардыгы бир гана берене менен, бир ордердин негизинде, бир окуяга байланыштуу болду. Кылмыш ишке алиби болуп берген видеожазууларда “бийликти басып алабыз” деген чакырык жок. Ал жерде Кемпир-Абадга байланыштуу гана тынч жыйын өткөн. Ушул мисал менен саясий мотивдеги жарандык активисттердин ооздорун жабуу аракеттери жүрүп жатат десек болот”.

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин профессору Айна Дүйшекеева мамлекет демократиялык өнүгүүнү тандап алгандан кийин бийлик өкүлдөрү жарандык коом тарабынан айтылып жаткан сын-пикирлерди туура кабыл алып, жаралган маселелерди камоолор аркылуу эмес башка жолдор менен чечүү зарылчылыгына токтолду.

“Биздин Конституцияда мыйзамдар жакшы жазылган, кандайдыр бир кепилдиктер эске алынган. Бирок тилекке каршы мыйзамдардын аткарылышында көйгөйлөр бар. Мыйзамдардын сакталышы, журналситтердин кепилдиктери алгач бийлик тарабынан камсыздалышы зарыл. Бийлик башындагылар өздөрүнө айтылып жаткан сын-пикирлерди жана маселелерди жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер, жарандык активисттер менен диалог куруп, сүйлөшүү аркылуу чечүү керек”.

Талдоочулардын айтымында акыркы убакта өлкөдөгү сөз эркиндигине басым-кысымдар болуп көрбөгөндөй күч алууда.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтотуу чечимин чыгарган. Андан кийин банктагы эсебин бөгөттөдү.

Медиакоомчулук кыргыз бийлигин сөз эркиндигин, маалымат каражаттарын кысууну, журналисттерди, блогерлерди, жарандык активисттерди жана башка жарандарды ой-пикирин ачык билдиргени үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM