Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан БУУнун электрондук өкмөт жана жарандардын электрондук катышуусунун деңгээли боюнча рейтингинде жогору көтөрүлгөнүн жарыялады.
Алардын маалыматына караганда, быйылкы жылды 2014-жыл менен салыштырганда Кыргызстан 20 позицияга жогору көтөрүлдү.
Бирок мындай жакшы жыйынтыктар карапайым элге сезилип-сезилбей жатканы өзүнчө маселе. Жарандар керектүү документтерди алууда дагы деле бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылат.
Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну Калича Мадиева паспорттук столдо электрондук кезек болгону менен баары бир тааныш-билиштерин биринчи өткөрүп, талон менен кезек күткөндөрдү көпкө күттүртүп кабыл алышарына нааразы.
Мындан сырткары ал ооруканаларда электрондук кезек такыр иштебегенине даттанды.
“Өткөндө №4 шаардык ооруканадагы неврологиялык бөлүмүнө үйдөн электрондук кезекке туруп баргам. Ошол күнү атайын кечикпей барайын деп убактыма 25 мүнөт калганда эле барып калгам.
Убакыт-саатымды, күнүн, кезектин номурун сурашты, көрсөттүм. Электрондук кезегим каралган деле жок. Бөлүмдүн ичине кирсем ал жерде бейтаптар өздөрүнчө кезек түзүп алышып: “Буга чейин деле ушундай болгон”, “Кезек менен эле кирип көрүнүп чыгып жатабыз”, — деп айтышты. Айла жок анан 4 саат күттүм. Мындан сырткары дарыгерлердин тааныш-билиштери кезеги жок эле кирип жатты. Ал аз келгенсип, башка дарыгерлер “Тиги кагазга кол койдуртуп чыгам”, “Бул кагазды карап берип коюңузчу”, — деп доктурдун тынчын алып атты”.
Борбор калаанын дагы бир тургуну Тилек Мырзабеков «Унаа» мамлекеттик мекеменин ичинде электрондук кезек, ал эми сыртында кадимкидей кезек менен болуп, башаламан жана жарандарга ыңгайсыз экенин айтып берди.
“Өткөн жуманын дем алыш күндөрүндө унаа базарына барып машина сатып алдым. Анын документ, техникалык паспорттун алуу жол жоболору электрондук форматка өтүптүр. Аябай ыңгайлуу жана тез болду. Бирок унааны каттатыш үчүн сыртына чыксаң баягы эле кыргызчылык. Кадимки кезекте туруп 4-5 саат турасың, башка айдоочулар менен кезекти урушуп талашасың. Ошол жерди дагы электрондук кылып койсо болбойбу?”.
Санариптештирүү — бул бардык тармактардын иш-аракеттерин, эсеп-кысаптарын, чыгымдарын, пландарын компьютердик системага өткөрүү. Санариптешкен маалымат — эч качан алдабайт, толук берилет, убакытты үнөмдөйт, эсеп-кысабын ачык айкын көрсөтөт.
Талдоочулардын айтымында, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын, өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүш үчүн өлкөнүн бардык тармагын санариптештирүүгө толук өткөрүү зарыл.
Кыргызстан да буга кадам таштап, процесс башталган. Бүгүнкү күндө жарандар 140тан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу кайрылууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Дамира Азимбаева билдирди.
Аталган порталдын колдонуучусу болуу үчүн сөзсүз түрдө электрондук кол тамганын ээси болуу зарыл. Мындай кол тамга Калкты тейлөө борболорунда, Салык кызматында жана банктардын кеңселеринде акысыз берилет. Электрондук кол тамганын колдонуу мөөнөтү бир жылды түзөт. Андан кийин мөөнөттү узартып коюу жеңил.
Азимбаева азыркы тапта калктын арасында кайсы электрондук кызматтарга кайрылуулар көп болуп жатканын айтып берди.
“Бул: COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу сертификат; катталган жеринен маалымкат; каймылсыз мүлккө карата укугунун катталгандыгы; пенсия төлөмдөрү; берилген патенттер; жарандык абалдын актысы (никеси бар/жогу); иштеген жеринен маалымкат; транспорттун бар/жогу жана башка ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү жарандар электрондук түрдө ала алат”.
Жаңы технологиялардын көмөгү менен өлкөдөгү көпчүлүк маселени чечсе болот. Баарына белгилүү болгондой, 21-кылым технологиянын гүлдөп-өнүгүп турган убагы. Күнүмдүк жашоодо, дээрлик бардык тармакта кеңири колдонулуп, адамдардын иштерин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөдо чоң роль ойноп келет.
Мисалы, Түштүк Корея, Британия, Бельгия, Жаңы Зеландия сыяктуу туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөр технологияны колдонуу менен административдик системада көптөгөн ийгиликтерге жетишти жана калкты тейлөөнү жогорку тепкичке чыгара алышты.
Маалыматтык технологиялар боюнча эксперт Талант Султанов Кыргызстан электрондук өкмөт жана жарандардын электрондук катышуусунун деңгээли боюнча рейтингинде 81-орунга жайгашканын — өтө жакшы жыйынтык деп эсептейт.
Ал акыркы жылдары мамлекет санарипке өтүү үчүн алгылыктуу иштерди жасап жатканын айтып, жарандардын электрондук кызматтарды пайдалануусуна толук шарт түзүлүп, айрыкча айыл аймактарга көбүрөөк көңул бөлүү зарыл экенин кошумчалады.
“ “Жарандарга мамлекеттик органдар менен иштешкенде кандай процесстер кыйынчылык туудурат?”, — Деген суроонун үстүнөн ойлонуп иш алып баруу зарыл. Айрыкча айыл жергесинде шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө көңүл буруу керек. Жарандар өздөрү жыйынтыктарды, жакшы натыйжаны көрүп мамкызматтагыларга ишеними жогоруламак. Анан дагы эң негизгиси ар бир мамлекеттик орган өзүнчө гана иш алып барбай, биргелешип координациялык топто иш алып баруусу дагы да эффективдүү болот”.
Президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен.
Президент жарыялаган маалыматта бир нече министрлик жана мамлекеттик агенттиктер отчет бербегени жазылган.
Былтыр декабрда өкмөттүн жыйынына катышкан президент 10 айда 1000 тоннага жакын кагаз сатылып алынганын белгилеп, “1-июлдан тарта кагаз сатып алууну токтотобуз, ошондуктан электрондук документтерге өтүү зарыл” деп эскерткен.
Министрлер кабинети быйыл 18-апрелде мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул чара учурдагы кагаз керектөөнү 50% кыскартып, өлкө казынасы жылына 112 миллион сомго жакын каражат үнөмдөй турганы айтылган.
Акыркы 5-6 жылдан бери мамлекет тарабынан санариптештирүү иштери жүргүзүлүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган.