Биз менен байланышыңыз

Эмгек министрлиги дагы 48 жаранды Түштүк Кореяга жумушка жөнөттү

Кыска кабар | 1 Ноя 2022 | 401 | 0

Кыргызстандын 48 жараны Корея Республикасына жумушка орношуу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Бул Кореяга кетип жаткан биринчи топ экени жана калгандары кийинки топ менен жиберилери айтылды. Алар Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жиберилүүдө.

Быйыл Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик рейс менен Кореяга 600дөн ашык жаран учуп кетти.

Министрлик бул өлкөгө эмгектенүү үчүн кетүүнү каалагандардын жана кетип жаткандардын саны эки эсе өскөнүн билдирди.

Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору EPS программасынын алкагында Корея менен тыгыз иш алып барып, 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун Кыргызстандын жаранына жумуш таап берген.

Учурда Кореяда EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет. Жумушка кеткендердин көпчүлүгү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайы ишканаларында иштешет; пластмасса, резина жана айнек буюмдарын жасоо.

Корея Республикасында иштеген эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак-аш иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда, 1800 АКШ долларын түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

2022-жылы 1500дөн ашык жаран корей тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагына катышкан. Анын ичинен 360 адам тесттен ийгиликтүү өтүп, Кореядагы иш берүүчүлөр тарабынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, 2020-жылы Түштүк Кореяда 750 жумуш оруну түзүлгөн болсо, быйыл алты айда эле жумуш орундары 1800гө көбөйдү.

Быйыл Улуу Британияга миң кыргызстандыкты айыл чарба иштерине жөнөтүү пландалган. Ошондой эле Германия менен келишимге кол коюлуп, 200 жарандын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мыйзамдуу ишке орноштуруу президент Садыр Жапаровдун «миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM