Биз менен байланышыңыз

Абу-Даби сапары: БАЭнин транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл

Саясат | 31 Окт 2022 | 634 | 0

Президент Садыр Жапаров 2 күндүк иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарын барды. Сапардын жүрүшүндө Жапаров Абу-Даби шаарында энергетика жана инфраструктура министри менен кыскача баарлашуу өткөрдү. Алдыда Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда эки өлкөнүн мындан кийинки инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланат. Кыргыз-арап мамилесинин келечеги жана күтүүлөр боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарына барды. Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, кыргыз делегациясын ардак кароолдун коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу өткөрдү. Алдыда Мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президент буга чейин 17-майда Абу-Даби шаарына төрт мамлекеттин бири катарында сапарга барган. Анда экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушкан. Президенттин бул жолку сапары көбүрөөк даярдытын жыйынтыгы катары бааланып, таанышуу жана кызматташууну бекемдөө аракети катары көрүлүүдө.

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымендин айтымында, Бириккен Араб Эмираттары транспорттук, логистикалык долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүгү бар өлкө.

«Ондон ашуун расмий адамдар бара жатканына караганда эки тараптын буга чейинки мамилелерине көбүрөөк көңүл бура тургандай келишимдерге кол кое тургандай иш сапары болуп жатат. Араб Эмираттарынын ушул убакытка чейин бизге кызыгып жаткандагысынын негизги пайдасы ал жактан бизге келе турган инвестиция. Алардын акчасы көп болгондуктан, бизге керектүү инфраструктуралык, соода сатык, транспорттук-логистикалык долбоорлорго инвестиция кылууга мүмкүнчүлүгү болгон мамлекет. Экинчиден, Араб Эмираттарына бизден эмне керек? Ал жактан биздин жаратылышыбыз үчүн туристерди тарта алабыз. Азыр Абу-Дабиден бир гана Бишкекке эмес, Ошко дагы түз рейстер ачылып жатат. Ошондой эле алар бизден экологиялык таза азыктарды алганга кызыкдар. Ошондуктан бизден эң эле баалуу күмөнү жок продукт катары этти алганга көбүрөөк көңүл буруп жатат. Бизде бал бар, кургатылган жашылча-жемиш бар. Ушулардын баарына кызыккандыктан бул сапар пайдалуу жыйынтык бергенге мүмкүнчүлүк берип жатат».

Сапардын алкагында эки өлкө ортосунда Абу-Даби өнүктүрүү фонду түзүлө тургандыгы күтүлүүдө. Өнүктүрүү фонддун уставдык капиталы 100 млн доллардын тегерегинде болот. Келечекте 1 млрд долларга жете турган мүмкүнчүлүгү бар. Бул Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду иштеген принципте иштейт, болгону акча каражаты эмираттарда болот, келген долбоорлор жактырылган күндө насыя түрүндө 4-5%дык үстөк менен берилет.

Улуттук стратегиялык изилдөө институнун илимий кызматкери Нуржан Жолчубек уулу президент эки өлкөнүн ортосундагы терең мамилени белгилөө үчүн барды деп эсептейт.

«Президенттин бул жолку сапарында эң жогорку деңгээлдеги документтерге кол коюулушу күтүлүп жатат. Бул эки тараптын терең, тыгыз  маилесин белгилеш үчүн бара жатат. Анда кыргызстандын пайдасына чечиле турган маселелер каралат. Анткени Бириккен Арап Эмираттары өнүккөн өлкө. Дүйнөнүн экспорт-импорттолгон товарларынын баары ушул өлкөнүн  аэропорттунан, портунан катталып өтөт. ошондуктан бул өлкө менен байланышты тереңдетүүгө жасаган кадамды эн туура деп эсептейм. Нефтини кармаган мамлекеттердин бири. Президент энергетика министри менен жолугушту. Анан дагы бир катар жогорку бийликтеги өкүлдөрү менен жолукса, бул биринчиден соода-сатык байланышы, экинчиден, инфраструктура тармактагы биздин байланыш дагы бир кадамга жогорулады деп ойлойм». 

Ошондой эле сапарда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, финансылык ресурстарды мобилизациялоо үчүн эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү макулдашылат. Холдингдин максаттары жана милдеттери – артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо менен БАЭнин, Кыргызстандын экономикасына түз инвестицияларды тартуу болуп саналат. Компаниянын иши экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр-жайды модернизациялоого, региондорду өнүктүрүүгө багытталат.

Экономист Аймен Касенов президент биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныктап, андан кийин гана ошого жараша өлкөлөрдү тандап сапар жасаса эффективдүү болот деген ойдо.

«Бир чети туура. Себеби Батыш өлкөлөрүндө логистика жана башка маселелер татаалдашты. Ошондуктан биз Чыгыш өлкөлөрун карашыбыз керек. Бирок Бириккен Арап Эмираттарыбы же башка өлкөбү, аны биз өзүбүздүн өнүгүү стратегиябызга карап аныкташыбыз керек. Мисалы, бизге бир техноллогия керек болсо, анда биз аны кайсы өлкөдөн ала тургандыгыбызды тандап алышыбыз керек. Кайсы өлкө менен кызматташсак ошондой технологияны алып келе алабыз? Экинчиден, биз ал жакка эмне сата алабыз жана кандай кызыкчылык бар? Ошол жагына жараша иш алып барышыбыз керек. Арап Эмитаттарыны кандайдыр бир базар деп эсептеп жатышса керек. Ал жакта суу сатылганын билем. Бирок анын логистикасы кымбат. Суунун баасы жеткирген баасынан арзан. Ошондуктан биз стратегиялык жактан, экономикалык жактан жана технологиялык жактан карап туруп, анан сапарын уюштурса жакшы болот эле. Бизде азыр кайсы жакка бара жатканыбыз белгисиз болуп жатат. Экономикалык жана саясий жактан кандай өнүгүп жатабыз, ким менен бирге болушубуз керек, кайсы мамлекеттен бизге эмне керек? Мына ушулардын баары түшүнүксүз». 

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Бул жол аркылуу Кыргызстан Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Арменияга, Азербайжанга, Түркияга, Иранга жана андан ары Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу башка өлкөлөргө да товар ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, учурда Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын жогорку сапаттагы табигый балы менен кургатылган экологиялык таза мөмө-жемиштери жогору бааланат. Мындан сырткары «Шоро» Компаниясы бөтөлкөдөгү сууларын экспортко чыгарып келет.

Copyright © 2017 Maral FM