Connect with us

Сеулда «Хэллоуин» майрамы учурунда 150дөн ашык адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2022 | 11693 | 1

30-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын борбору Сеулда «Хэллоуин» майрамын белгилөө учурундагы тыгындан 150дөн ашык адам каза болду. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы жазды.

Жабырлануучулар Итхэвон районундагы Гамильтон мейманканасынын жанындагы тар көчөгө чогулган элдин арасында болушкан. Массалык тыгын пайда болушунун себептери айтыла элек. Кырдаалга байланыштуу Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл чукул жыйын чакырды.

Жабыркагандар жана каза болгондор негизинен 20 жаштан ашкан жаштар экени айтылууда. Окуя болгон жерден тартылган үрөй учурган видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жатат.

Өлкөнүн бардык аймактарынан 800дөн ашык куткаруучу тартылган. Сеулдун өрт өчүрүү кызматынын башчысы каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин, ал эми жараат алгандардын саны белгисиз экенин айтты.

Каза болгондордун арасында эки чет элдик жаран бар, дагы 15 чет элдик жарадар болгону кабарланууда.

Өзгөчө кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова элчиликтин телефон номурлары иштеп жатканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

Элчиликтин консулдук бөлүмү — 010-6891-2707.

+82 10-6891-2707 (WhatsApp) ишеним телефону.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM