ДССУнун маалыматы боюнча, 2019-жылы кант диабетине кабылгандардын саны (20-79 жаштагылардын арасында) 463 миллионго жеткен. Анын негизги фактору — ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу.
Ал эми Кыргызстанда жаш балдардын арасында кант диабетине чалдыккан учурлар көбөйүүдө. Анткени өндүрүүчүлөр таттууларга бир гана кумшекерди кошпостон, даам күчөткүчтөрдү, консерванттарды, боёкторду да аралаштырып жатышат.
Кант диабетинин келип чыгуу себептери, дарылоо жана алдын алуу жолдору, ооруну өрчүтпөй турган азыктардын тизмеси жана кандай диета керектиги туурасында Бишкек шаарынын башкы эндокринологу Назгүл Абылова «Маралга» маек куруп, буларды айтып берди.
Кант диабетинин түрлөрү:
Кант диабети — кандагы канттын өнөкөт жогорулашы. Мунун көп түрү бар, бирок эң кеңири тараган I типтеги жана II типтеги кант диабети. Ошондой эле кош бойлуу кезде кандагы канттын деңгээли көтөрүлсө, муну гестациялык кант диабети деп коет.
I тип кант диабетине чалдыккандардын 8-10%ын гана түзөт. Бул — 30 жашка чейинки курактагылар ооруган түрү. II типтеги кант диабетине көбүнесе 30 жаштан жогорку курактагылар чалдыгат, алар жалпы ооругандардын 90%ын түзөт.
Оорунун келип чыгуу себептери жана ага таасир эте турчу факторлор:
“Оору эмне себептен көбөйүп жатат? Анткени биздин жашоо-турмушубуз башкача нукка бурулуп атат, бүт баары автоматташтырылып, аз кыймылдуу жашоодо жашап жатабыз. Себебин билүү үчүн коркунуч факторлоруна токтолсок, ал — ашыкча салмак, кыймылдын аздыгы, тукумунда кант диабетинен жабыркагандардын болушу, артериялык кан басымы жогорулар, кандагы майдын өлчөмүнөн көптүгү, балдардын 4,5 килограммдан жогору салмакта төрөлүшү, ар түрдүү стресс, оорулар, курагы 45 жаштан өткөндөр, калориялуу тамактануу. Ушул коркунуч факторлору менен күрөшсөк, кант диабетинин 2-тибинин алдын ала алабыз. Ал эми биринчи типте аутоиммундук жол менен уйку бездер талкаланып калат, андыктан бул типтеги кант диабетинин алдын алууга мүмкүн эмес.”
«Ден соолугуна кам көргөн адамдар аз»
Тилекке каршы, дарыгердин айтымында, учурда ден соолугуна кам көргөн адамдар аз. Көпчүлүгү үйдөн тамак жасабай, көчөдөгү кафе, тойканалардан, ашканалардан, же тез татым жайларынан тамактанышат. Таттуу суусундуктарды көп ичишет. Майлуу тамактарды, суусундуктарды ичкенден кийин кыймыл жок болсо, ал чогулуп майга айланат, майга айланса, адам толо баштайт. Адам толсо, инсулинге болгон сезгичтик азаят. Ушундай бири-бирине байланышкан себептер көп болууда.
Кант диабети менен жабыркагандар атайын диета кармаш керек:
Кант диабети менен ооругандарга жүзүм менен алманы жегенге болбойт.
Дарбыз менен коонду ачкарын жегенге болбойт, тамактан кийин бир кесимден жесе болот. Же болбосо, кантты алмаштыргычтар (сахарозаменитель) бар, ошолорду колдонсо болот.
Адистин айтымында, кант диабети менен жабыркагандарга тамеки тартуу, туура эмес жашоо образы, офистеги жумуш, отуруп иштөө зыян. Алар 2,3 маал сөзсүз тамак ичүүсү керек, салат, мөмө, жашылча-жемиштерин сөзсүз жеш керек. Чуркабаса да, күнүнө жарым саат басып туруу керек.
Кант диабети кандагы глюкозанын жогорулашы менен байланыштуу оору экенин, андан оолак болуу үчүн туура тамактануу керек. Дарыгер гликемикалык индекси жогору азыктарга күрүчтөн сырткары ундан жасалган таттуулар жана картошка кирерин айтты.
Ошондой эле кандагы кантты ак нан, куймак, күрүч лапшасы, тез даярдалуучу ботколор, жүгөрүнүн үлпүлдөгү, шоколад, газдалган суусундуктар, чипсы көтөрөт.
Кумшекерде адам организмине пайдалуу эч нерсе жок.
«Трансмайлар — табигий май эмес. Натуралдык май да трансмайга айланып калышы мүмкүн. Мисалы, өсүмдүк майын жогорку температурада ысытканда анын курамындагы Е витамини жоголот. Натыйжада май токсиндерди чыгара баштайт. Маргарин трансмай болуп саналат. Мындай майлар холестеринди көбөйтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларына жол ачат. Кыргызстанда жарнамаларга 85% пайдасыз азыктар чыгарылат».
Эгер адам көп таттуу жеп, кант диабетинин белгилери байкалса, анда эндокринологго көрүнүш керек.
«Кант диабетине көңүл бөлбөө майыптыкка алып келет»
Кант диабети өзүнүн кабылдоосу жана майыптыкка алып келүүсү менен коркунучтуу.
Ооруга чалдыккан айрым адамдарда оорунун төмөнкүдөй белгилер болот: адам демейдегиден көбүрөөк суу ичип жана тез-тез заара кыла баштайт, заара ушатуу үчүн түнкүсүн да тура баштайт. Салмагы азаят, денеси кычышат, жаракат алса, кеч айыгышы мүмкүн. Көзүнүн көрүүсү дагы начарлап, булчуңдар ооруп, алы кетип, тез чарчайт.
«Бирок тилекке каршы, бул белгилер баарында эле боло бербейт. Кээде оору симптомдору жок деле жүрөт. Жарандар башка оорусун текшертип жатып, канында канттын деңгээли жогору экенин кокус билип калган учурлар болот. Кант диабетине чалдыккан адамдардын өзүнө көңүл бурбай жүрө бериши кайгылуу аяктайт. Бүгүн эле бир мисал болду, жаш эле бала өзүнө такыр көңүл бурбай иштеп жүрө берип, бутун кестирди. Көзү да жабыркап атыптыр. Өзүнө көңүл бурбагандыктан эми мына майып болуп калды».
Ал эми тескерисинче, бейтап өзүнө көңүл буруп, кандагы канттын деңгээлин такай текшертип, тамакты ылгап жесе эле бир дагы кабылдоосу жок, узакка өмүр сүрө алат.