Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жапырт камоолорго нааразы

Саясат | 26 Окт 2022 | 559 | 0

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында бир топ депутат Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип, 23 адамдын массалык камалышы боюнча маселени көтөрдү. Экинчи тараптагы депутаттар бул маселенин комитетте каралганы жетиштүү боло тургандыгын айтып чыгышты. Жыйынтыгында танапистен кийин депутаттар массалык кармоолор боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматын укту. «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрүнүн массалык камалуусундагы мыйзамдардын сакталышы боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Өзгөндө 22-октябрда өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, активисттер жана саясий кыймылдар «Кемпир-Абадды коргоо» комитетин түзүшкөн. Ага бир канча жарандар мүчө болуп киришкен. 23-октябрда алаган комитетке кирген 20дан ашуун саясатчы жана жарандык активисттин үйүнө күч кызматкерлери тинтүүгө келгени айтылып, ошол эле күнү ИИМдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир топ депутат Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип, 22 адамдын массалык камалышы боюнча маселени көтөрдү.

Депутат Адахан Мадумаров бүгүнкү отрумда ошол маселени кезексиз кароону талап кылды.

«Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат» деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес».

Депутаттын сунушун кээ бир депутаттар четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун, комитеттин чечиминде жалпы жыйынга алып чыгуу каралбагандыгын белгилешти.

Депутат Фархат Исмаилов кесиптеши Адахан Мадумаровдун сунушун «ар бир иштен өзүн пиар кылат» деп сындады. Ал Мадумаровго динди билем дегени менен чындыгында динди билбей тургандыгын белгиледи.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш ыргыткан менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес. Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз. Азыр сизге тең келе турган бул жерде жигит мүнөз адамдар аз. Сизге бир гана аял киши тең келбесе, сиз бул жерде жөн жерден пиар иштеп, дүрбөлөң кылбаңыз».

Танапистен кийин массалык кармоолор боюнча Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат берип, кармалган жарандардын иш аракетинде кылмыштын курамы болгондуктан иш козголгондугун айтып, тергөөнүн жүрүшү купуя сыр экендигин белгиледи.

«Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 20-октябрда Кылмыш-жаза кодескинин 278-беренесинин 1-бөлүмү боюнча («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында тергөө амалдары жургузүлүп, анын алкагында 23-октябрда 22 жарандын үйүндө тинтүү, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын негизинде 21 жаран кармалган. Кечээ аларга айыптар угузулуп, 20 кишиге камакка алуу чечими чыкты. Бир жаран ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө жаңы башталды, анын жыйынтыгы менен дагы 1-2 айдын ичинде кененирээк маалымат беребиз».

Депутат Дастан Бекешов башаламандык уюштурууга шектелип кармалган айымдардын мындай ишке баруусуна ишенбейт. Анын баамында укук коргоо органдары биликтин буйрутмасын аткарып келгендиктен, ага карата эч качан жазаланбагандыгынан бүгүнкү күндө мындай көрүнүштөр кайталанууда.

«71 жаштагы Асия Сасыкбаева экс-депутат, ал эч качан бийликти басып алууга аракет кылбайт. Ал мүмкүн пикир айткандыр, жөн эле сөз. :3 жаштагы Гүлнара Жоробаев өзү мыйзамды сактаган киши. Ким эмне кылганын так аткарыш керек. Биз жөн эле бийликтин буйрутмасын аткарабызбы. Жээнбеков убагында болгон, Акаев, Бакиев учурунда болгон, тилекке каршы азыр болуп жатат. Тилекке каршы укук коргоо органдарына буйрук аткаргандыгы үчүн жаза бербегендиктен, бүгүнкү күнгө чейин кайталанып келүүдө».

Ал эми депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, Кыргызстан ар бир жараны жашына жана жынысына карабай мыйзам алдында бирдей жооп бериши керек.

«Албетте, Асия Сасыкбаева тынч саясат кылса жакшы болмок.Аларга карата кандайдыр бир жеңилдетүүлөр болобу, ал жагын да карап койсоңуздар. Бирок ар бир жаран кылган ишине мыйзам чегинде жооп бериши керек. Карыбы-жашпы, аялбы-эркекпи, эч нерсесине карабыш керек».

Жарандык коомго карата көрүлгөн чаралар оор болгондугун белгилеген  депутат Чыңгыз Айдарбеков, эркин коомдо гана өнүгүү боло тургандыгын, камоолоор токтотулушу керектигин талап кылды.

«Көрсөткөн позицияңар боюнча жарандар тынч чогулуш өткөрбөш керек экен. Анда жарандарга чогулбагыла, тынч отургула, сөз эркиндиги бүттү деп айтып койгула. Жарандарды соттун чечими жок камадыңар, аудио жазуулапга экспертиза керек болчу, жаза-процессуалдык кодекс бузулду. Алар мамлекет үчүн күйгөн инсандар, алар элдин уул-кыздары. Элдин эркиндиги, укуктары үчүн өмүр боюу күрөшкөн. Силер камоолорду токтотушуңар керек. Эркин коомдо гана өнүгүү болот. Жаңыча жашабайлыбы?  Маңкурт болой, адам бололу». 

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып жаткан 20 саясатчы жана активисттин азыркы жагдайына токтолду.

«Алар ден соолугуна жана башка жагдайларга карата арыз-даттануулар түшкөн эмес».

Убагында азыркы бийлик башында отурган башчыларга дагы ушундай эле жүйөлөр жабылып, камакка алынгандыгын эске салган депутат Нуржигит Кадырбеков күч органдарын кылдат иш алып барууга чакырды.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов укук коргоо органдарына мыйзамсыз камоолордун кесепети тууралуу эскертти.

«Мыйзам алдында баары бирдей болбой жатат. Андай деле коркунучтуу эмес адамдарды эки айга камап, мыйзамсыз иш кылып жатпайсыздарбы. Билесиздер да, буга чейинки бийлик бүгүн мамлекетти башкарып жаткан адамдарды дагы мыйзамсыз камагандан кийин эл акыры чыдабай чыккан. Мыйзамсыз камагандарды кууп, камалгандарды чыгарып, азыр башкача болуп жатпайбы. Ошондо дагы мыйзамсыз камаган укук коргоо органдарынын эч кимиси бүгүнкүгө чейин жооп берген жок».

24-октябрдан 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кармалган 20 жарандын сот отуруму таңкы саат 5ке чейин уланып, 19 жаран эки айга камалса, бир жаран ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ал эми жарандык активисттер Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасы 25-октябрда каралып, эки айга камакка алынышты.  Кармалган жарандар Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгып келишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келишимдин долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун мурда талаш болуп келген жерди алмай болуп жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM