Биз менен байланышыңыз

Унаадан чыккан түтүнгө айып салынат

Коом | 26 Окт 2022 | 935 | 0

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында абанын булганышына себеп болгон транспорттук унааларды текшерип, рейд жүргүзүүдө. Анын натыйжасында айрым унааларда түтүндү чыпкалоочу катализатор жок болгону аныкталды. Унаадан чыккан түтүн нормадан ашып кеткен учурда 7,5 миң сом айып пул салынат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча инспекция менен биргеликте коомдук транспорттордон бөлүнүп чыккан кара түтүндү текшерүү иштерин баштады.

Себеби эскилиги жеткен унаалардын техникалык кароосуздугу же начар сапаттагы күйүүчү майлардан чыккан кара түтүн шаардын абасынын булганышына алып келери көп айтылат.

Бишкек шаардык кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу 24-октябрдан тарта текшерүү башталганын айтты. Кызматкерлер аайдоочуларга алгач эскертүү берген. Эми унаадан чыккан түтүн белгиленген нормадан ашса, 7,5 миң сом айып пул төлөйт.

“Кеминде элүүгө жакын автоунаа текшерилди. Бирок, кечээтен бери болгону профилактикалык иш катары эскертүү берилген. Рейддик иш-чара бир жумага уланат, эгер автоунаадан нормадан ашыкча түтүн чыкса эртеңден баштап Укук бузуулар кодексинин 233-234-беренелерине ылайык, 7 500 сом айып пул салынат”, — деди Айтикул уулу.

Ал эми айып пулдун өлчөмү юридикалык жактарга 23 миң сомду түзөт. Адистер айдоочуларды кышка даярдык көрүп, машинелерин техникалык кароодон өткөрүүгө үндөшөт.

Текшерүү учурунда айрым автоунааларда кыймылдаткычтан чыккан зыяндуу кара түтүндү чыпкасында кармап калуучу катализатордун жок экени аныкталган.

Мындай рейддердин жүрүшү айдоочулар арасында ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары экологиялык коопсуздук үчүн туура чечим десе, кээ бирлери каршы болуп, айып пулдун көлөмү чоң экенин айтышты.

Мен айдоочу катары туура карайм. Анктени шаардын тазалыгы керек бизге. Эгер шаардын тазалыгы, абанын булганбашы үчүн ушундай иш кылып аткан болсо, мен макулмун.

— Бул иштен мурун, биринчи, кимдер катализатор сатып алып жатат, ошолорду тыйса болмок. Башында мен билген эмесмин, мисалы, катализатору жок айдаса болбойт деген эрежени. Эл жакырчылыкта, сатчу жерин сата берет да, адамдар органдарын сатып жиберип атат го, катализатор эмне болуп калыптыр?

— Негизи мурун чет жактан машина алып киргенде катализаторлор жок деле киргизе берчү. Анысы болгон күндө деле бул жакта ачык эле сатып алып жатышпайбы жарнамаларды илип алып эле. Ошолорду тыйып алышсын биринчи.

Жарандык активист Эртай Исаков Бишкекте көп айдоочулар унааларында катализатор чыпкасы жок айдап жүргөнүн айтат. Мындай рейддер же айып пул салуу натыйжа бербейт деген пикирде.

Ал тиешелүү органдар катализатор сатып алып, ишкердик кылган техборборлорду мыйзам чегинде жок кылуу керектигин айтат.

«Мен бул рейдке каршымын. Себеби ушул убакытка чейин түзүлүп калган жагдайды жөнгө салышы керек. Мисалы, Бишкек шаарында катализатор алып-саткан борборлор бар, бул эч кимге сыр эмес. Бир кезде башчылар болгон катализатору жок машинелерди Бишкек шаарына киргизбейбиз деген. Андан мурун катализаторду чет жакка чыгарууга тыюу салышы керек. Эгер ким ошону алып-сатуу иштерин жүргүзсө аларга мыйзам иштелип чыгып, ошол мыйзамдын чегинде чара көрүлүшү керек. Бул бизнес — биздин өпкөбүздү жок кылат», — дейт Исаков.

Экологдордун айтымында, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө шаардын абасынын булганышына автоунаалардан чыккан түтүн себеп болот. Кара түтүн жашоочулардын өпкө жана башка ооруулар менен жабыркашына алып келет.

“Экологиялык коопсуздук” коомдук уюмунун аткаруучу директору Анара Султангазиева кыш мезгилинде абанын булганышына көмүр же башка жылытуучу нерселер зыян берсе, автоунаалар жыл бою абаны булгайт деген пикирин билдирди.

«Окумуштуулар, аналитиктер шаардын абасынын булганышына 80% унаалардан чыккан газ себеп болот деп айтып келишет. Биздин ЖЭБ, конуштар, ишканалар кышкысын, ашып барса беш ай абанын булганышына салым кошот. Ал эми автоунаалар 12 ай бою абаны булгайт. Негизи машинелерди ирээтке клтириш керек эле. Бул кабарды угуп аябай сүйүндүм, муну илгертен кылыш керек эле. Унаалардын техникалык абалына көңүл бурушу керек болчу», — дейт эколог.

Султангазиева жыл сайын кышында Бишкекти каптаган кара түтүн жайында да дээрлик кышкыдай эле болорун айтат. Анын баамында, кыш мезгилинде абанын температурасы төмөн болгондуктан зыяндуу түтүн көзгө көрүнүп, жайкысын жогору болгонуна байланыштуу байкалбайт.

Абанын сапаты боюнча индекс көрсөткүчүндө дүйнө жүзүндөгү шаарлардын арасынан Бишкек шаары жыл сайын кыш мезгилинде эң кир шаар деп табылат. 2021-жылы чыккан рейтинг боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү эң абасы булганган өлкөлөрдүн катарында 7-орунга илинген. Сап башында Бангладеш, Индия, Пакистан сыятуу өлкөлөр болгон.

Copyright © 2017 Maral FM