Биз менен байланышыңыз

ИИМ кармалган саясатчылар боюнча маалымат таратты

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 1083 | 0

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM