Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту кармалган активисттер боюнча ишти көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 686 | 0

Акыйкатчы институту кармалган активисттер боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, ондой саясатчы, жарандык активисттер боюнча институт ишти көзөмөлгө алды. Кармалгандардан Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Асия Сасыкпаева менен байланышып, алар жеткирилген ички иштер бөлүмүнө институттун кызматкерлери барды.

Абдрахматова Равшан Жээнбеков менен Перизат Суранова баштаган айрым активисттер менен байланыша албай жатканын, аларды кайсы бөлүмгө алып кеткени белгисиз экенин билдирди.

Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасы аркылуу учурда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында экендигин жазды.

23-октябрь таң эрте Ички иштер министрлиги Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо боюнча түзүлгөн комитеттин мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кеткен. Аларга Кылмыш, жаза кодексинин «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча иш козголгону айтылууда.

Ички иштер министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек. Мекеменин маалымат катысы Адинай Жаныбаева маалыматтар такталып жатканын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM