Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 388 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

17-21-октябрь күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлүп, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулуп турат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.

Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Иш-чара унаа жолдо таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM