Биз менен байланышыңыз

18-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 411 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт,  айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +11…+13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM