Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгы 13 пайызга азайды

Коом | 13 Окт 2022 | 690 | 0

Быйыл 9 айда өлкө боюнча 4 миң 972 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13% га азыраак. Жол кырсыгынан каза болгондордун саны да 21%га азайды. Ошол эле учурда мас абалында автоунаа айдаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу сунушталып жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков быйыл өлкөдө жол кырсыктарынын катталуусу азайганын кабарлады. Жыл башынан бери жалпы 4972 жол кырсыгы катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак. Былтыр тогуз айда 5426 жол кырсыгы катталып, 610 адам мерт болгон, анын ичинде жаш балдар да бар.

«Былтыр жол кырсыгынан 610 адам каза болсо, быйыл 477 адам каза болду. Бул да 21,8 пайызга аз. Ал эми жаракат алгандардын саны 8301 болсо, быйыл 7888 адамды түздү. Жол кырсыктарынын кесепетинен өткөн жылы 83 бала каза болсо, быйылкы жылы 79 бала каза болду. Ошентип, каза болгондор 4,8%га азайды».

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы мас болуп, автоунаа айдаган жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратууну сушуштаган мыйзам долбоорун сунуштап, ал Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Мыйзам долбоору жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдогу маданиятты көтөрүүгө багытталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана укук колдонуу практикасы бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев билдирди.

 «Азыркы учурда бул мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Талкуунун жыйынтыгы менен мыйзамдын долбоору аныкталып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Мыйзам долбоорунда мас абалында унаа башкарган айдоочуну 3 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган. Ал эми айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, адам өлүмүнө жана материалдык чыгымга алып келсе, анда жасалган кылмыштын оордугуна жараша айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунун мөөнөтү узартылып, 3, 5, 10, 15 жылга жана өмүр бою эркинен ажыратуу чарасы каралган. Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоорунда айдоочу жыл ичинде бир эле жол эрежесин 5тен көп жолу бузган болсо, анда ал «Унаа» мекемесине айдоочулук күбөлүккө кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөрү каралган».

Өлкөдө жол кырсыгынын көбөйүшүнө бир канча себептер айтылат. Анын бири жол белгилеринин жетишсиздиги. Айрым аймактарда жол чырактардын саны аз экени маалым.

Буга байланыштуу башкармалык аймактарда текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Жол белгилерин орнотуу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилгенин мекеменин Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Талант Ибраев айтты.

«Тогуз айдын ичинде жалпы 2759 жол белгилери коюлду. Өлкө боюнча жалпы 347 жол чырагы бар. Анын ичинен 11 жол чырак иштебей турат. Көбүнчө реконструкцияланып жаткан жолдордо иштебей жатат. Айрымдары эскилиги жетти. Бул жол кырсыктарына техникалык жактан оңдоо иштери керектелип жатат. Бул боюнча биз тараптан көрсөтмө берилет. Калыбына келтирүү, оңдоо боюнча тапшырмалар жергиликтүү органдарга берилген. Ал эми Бишкектеги көчөлөрдөгү жол чырактарды оңдоо ишин мэрия аткарат».

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылы өлкөдө жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Кырсыктардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Ал эми жол кырсыгынан каза болгондордун 70% 25тен 40 жашка чейинкилер.

Кыргызстан бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарында турат.

Казакстандагы мол түшүм картошканын баасын арзандатты

 

Copyright © 2017 Maral FM