Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу өттү

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 238 | 0

Бүгүн, 11-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи өттү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM