Херсон облусунда Украина армиясы 50 чакты айыл-кыштакты кайра алды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин биринчи орунбасары Евгенин Енин Твиттерде жазды.
Ал ошондой эле буга чейин толук бошотулган Харьков облусунда да 169 калктуу конушка украин бийлиги тарабынан көзөмөл орнотулуп, ал жерлерде тазалоо иштери алып барылганын кошумчалаган.
Украинанын куралдуу күчтөрү азыркы тапта Херсон облусунда чабуулга өтүп, чоң операция баштады. Украин президенти Владимир Зеленский 2-октябрда аскерлер Ингулец дарыясынын боюндагы Архангельск жана Миролюбовка шаарчалары бошотулганын кабарлаган.
Социалдык тармактарда украин аскери Миролюбовкадагы имараттардын бирине Украина желегин илип жаткан сүрөт тараган. Украин армиясы сентябрь айынын башында Миролюбовка жана Архангельсктин айланасында пайда боло баштаган. 2-октябрда бул эки шаарчаны орус аскерлери таштап кетүүгө мажбур болгон.
Учурда украин армиясы Днепр дарыясын бойлой да жүрүш кылууда. Украина куралдуу күчтөрү Днепропетровск облусу менен чектеш Нововоронцовкиден 25 километр алыс жайгашкан Михайловкиге чейинки аймактагы бир катар калктуу конуштарды бошоткон.