Биз менен байланышыңыз

Шойгу орус армиясына 200 миң жаран мобилизацияланганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 455 | 0

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу аскерге мобилизациялангандардын саны 200 миңден ашканын билдирди. Учурда алар 80 полигон жана 6 окуу борборлордо аскердик машыгуудан өтүп жатышат.

Орус бийлиги 21-сентябрда жарыялаган жарым-жартылай мобилизацияда 300 миңдей запастагы аскерди топтоо ниетин билдирген. Министр Шойгунун айтымында, учурда машыгуудан өтүп жаткандар, «атайын операциялар» жүрүп жаткан аймактарга жиберилет. Бирок аларды буга чейин согуш жүрүп жаткан аймакта болгон аскерлер коштоп жүрөт.

Ошондой эле Сергей Шойгу өлкөдөгү аскер комиссариаттарына өз каалоосу менен келген жарандар көп болуп жатканын, эгер алардын ден соолугунда олуттуу көйгөй болбосо аларды дароо аскердик катарга кабыл алууну тапшырды. Ошондой эле мобилизацияланган жарандарды согуштук тажрыйбасы бар аскер адамдары ыкча түрдө окутуусу зарыл деп белгилеген.

Белгилей кетсек, орус бийлиги буга чейин мобилизацияланган жарандар согуштук линияга жакын аймактарды көзөмөлдөө үчүн тартыла турганын билдирген. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин 29-сентябрда жарандарды мобилизациялоого чакыруу учурунда бир катар кемчиликтер кетип жатканын эскертип, күч органдарына катаны оңдоого тапшырма берген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM