Биз менен байланышыңыз

Тонировкадан бюджетке 100 млн сом түштү

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 308 | 0

Унаалардын алдынкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөнө баштагандан бери мамлекеттик бюджетке 100 млн 80 миң сом түштү.

Бул тууралуу парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин жыйынында Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, быйыл июнь айынан тарта «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга ылайык, унаалардын алдыңкы каптал терезесин акы төлөп караңгылатуу мыйзамдаштырылган, андан бери жалпы 1240 уруксат берилген.

Ошол эле учурда унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксаты жок 468 унаа кармалган.

«Буга чейин тонировкасы бар автоунаалардын канчасы жол кырсыгына кабылганы жөнүндө эч кандай каттоо жүргүзүлгөн эмес. Быйыл июнь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин терезеси караңгылатылган унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган жок. Мамлекеттик МАИ кызматкерлери унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксаты жок 468 унааны кармашкан. Унаанын айнектерин караңгылатууга уруксаты бар же жок экенин Carcheck системалары аркылуу билсе болот», — деди Исраилов.

Унаалардын терезелерин караңгылатуунун акысы жана тартиби бекитилди

Бүгүн тармактык комитет мас абалында, баңгизат колдонуп рулга отурган же жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуларды айдоочулук укуктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Сунушталган ымйзамга ылайык, мас абалында же баңгизат колдонуп жол кырсыгына себеп болгон учурда күбөлүк 10 жылга алынат. Айдоочу бул эрежени эки жолу кайталаса, машине айдоо укугунан өмүр бою ажыратылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM