Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Электр энергиясы кайда кетип жатканы азыр да белгисиз

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 715 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Ал энергетика тармагындагы иштерди сындап, быйылкы жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук түрдө 12 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

«Башталган реформалар аягына чыгышы керек, бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин карап чыгуу керек. Сандарды карасак, эбегейсиз өлчөмдөгү киловатт электр энергиясы кайда кетип жатканы азыркыга чейин белгисиз. Секирик жасоо керек, бул үчүн сиздерде бардык мүмкүнчүлүк бар», — деди Жапаров.

Жапаров борбор калаанын ЖЭБине барып, анда энергетикалык компаниялардын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM