Биз менен байланышыңыз

Түркияда инфляция 83 пайыздан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 452 | 0

Түркияда учурдагы инфляция 1998-жылдын сентябрынан бери эң жогорку даражадагы көрсөткүчкө жетти. Адистердин пикиринде, Түркиядагы баалардын өсүшүнүн негизги себептеринин бири пайыздык чендерди түшүрүү саясаты болууда.

Түркиянын Статистика институтунун 3-октябрга карата жарыялаган маалыматында, жылдык инфляция 83,45%га жеткен. Сентябрь айынын ичинде эле 3%га өскөн. Бул өлкө тарыхында 24 жылдан бери катталган эң жогорку көрсөткүч болууда.

Маалыматта Түркияда тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктердин наркы бир жылда 93%га өскөн. Транспорт тармагындагы баалар 117%га жеткен. Ал эми баасы өтө жай өскөн тармак билим берүү (30,76%) жана байланыш (36,69%) тармактары болду.

Түркиядагы инфляцияга бир катар факторлор себеп болууда. Биринчи себеп — улуттук валюта лиранын төмөн куну. Экинчиси — эл аралык камсыз кылууда келип чыккан жеткирип берүү көйгөйлөрү. Ошону менен бирге Орусия менен Украина согушунун фонунда электр энергияга болгон баа өстү.

Адистер эң негизги себеп катары, Түркия президенти Эрдогандын 2018-жылда экономикалык өсүүнү тездетүү үчүн пайыздык ченди түшүрүү саясаты деп эсептейт. Ошол кезде Эрдоган Улуттук банктын жетекчисинин кеңешине карабай, пайыздык чендерди түшүргөн. Бул лиранын төмөндөшүнө алып келип, ошондой эле өлкө сырттан импорттогон материалдар жана энергияга көз карандылыктан улам баалар өсүп кеткен. Түрк бийлиги Улуттук банктын жетекчисин 4 жылда 3 жолу алмаштырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM