Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы объектилерди жылуулукка кошууга даярдоодо

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 407 | 0

Абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 ℃ болгондо шаардагы үйлөргө жана мекемелерге жылуулук бериле баштайт. Бишкекте бүгүн, 3-октябрда аба ырайынын төмөндөгөнүнө 3 күн болду.

Шаар мэриясы объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созуларын жана аларды даярдоону өтүндү.

«Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулукка туташтырууда, үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан Маевскийдин крандары аркылуу жылытуу тутумунан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет» , — деп айтылат маалыматта.

Жылуулук алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканаларына берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM