Биз менен байланышыңыз

Индонезияда футбол оюну жүздөн ашык кишинин өлүмү менен аяктады (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2022 | 956 | 0

Индонезияда футбол мелдешиндеги тополоңдон ондогон адам каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Футбол боюнча өлкө чемпионатынын кезектеги турунун алкагында «Арема» жана «Персебая» клубдары ойногон. Талаа ээлери 2:3 эсебинде утулуп калышты. Буга нааразы болгон «Ареманын» күйөрмандары футбол талаасына чуркап чыгышты.

Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болушкан, андан кийин атышуу орун алды. Натыйжада 129 адам набыт болгону, алардын көбү айрым маалыматтарга караганда, тебеленип каза болгондугу айтылууда.

Курман болгондордун арасында аялдар, балдар жана полиция кызматкерлери бар. 180ге жакыны жарадар болгонун Reuters маалымат агенттиги жазды.

Индонезиянын Саясий, укуктук жана коопсуздук иштери боюнча координациялоочу министри Махфуд ДМ стадионго 38 миң күйөрман гана бата турганын, бирок оюнга 42 000 киши билет алганын айтты.

Индонезиянын футболдук оюндары бир жумага токтотулуп, футбол ассоциациясы иликтөө баштады. Спорт министри Зайнудин Амали күйөрмандардын футбол оюндарына баруусуна тыюу салуу карала турганын билдирди.

Индонезиядагы стадиондо болгон окуя акыркы жылдардагы эң чоң футбол трагедияларынын бири болду. Акыркы жолу мындай окуя 2001-жылы май айында Гананын борбору Аккри шаарындагы стадиондо болуп, тополоңдон 126 адам каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM