Бүгүн, 25-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Бүгүн, эртең Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.