Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектеги мугалимдер үчүн август конференциясы өтөт

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 278 | 0

Эртең, 25-августта «Билим берүү экосистемасы, жарандык иденттүүлүк жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – билим берүүнүн шарты катары коомдун туруктуу өнүгүүсү» деген темада Бишкек шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жылдык август конференциясы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын жетекчилиги, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чакырылган.

Август педагогикалык конференциясынын ишине шаардын билим берүү уюмдарынын 200дөн ашык жетекчилери жана мугалимдери катышат.

Жыйын сапаттуу билим берүү, 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2022-2023-окуу жылынын муниципалдык билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Иштин актуалдуу багыттары жана жаңы окуу жылына карата конференцияда коюлган милдеттер борбордогу билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамаатынын талкуусуна коюлат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM