Улуттук банкы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан 19 тонна алтындын кайда сатылганы туурасында расмий маалымат таратты.
Улуттук статистика комитетинин 2021-жыл үчүн тышкы соода боюнча берген маалыматтарында, 1,1 млрд доллар тегерегиндеги суммага 19 тоннага жакын алтын экспорттолгондугу белгиленген. Аталган маалымат 2021-жылдын башында өткөрүлгөн Улуттук банктын акча-кредит саясатынын алкагында чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу боюнча операцияларын чагылдырат.
Тышкы рыноктордо алтынды сатып өткөрүүдөн алынган валюталык каражаттар Улуттук банктын эсебине түшкөн. Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө 735 млн доллардын тегерегинде, чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө 200 млн доллар багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деӊгээли 2021-жылдын аягында 169,5 млн доллар же 6,0 %га көбөйүп, 2 977,6 млн долларды түзгөн.
Борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар жөнүндө маалыматтар коопсуздук принциптерин сактоо зарылчылыгынан улам купуя маалыматтардын категориясына кирет. Улуттук банк жогоруда көрсөтүлгөн принципти сактоо менен эл аралык резервдерди тескөө процессин жүзөгө ашырат, демек бул операциялар тууралуу маалымат чектелген мүнөзгө ээ.
Улуттук банк өз ишин жүзөгө ашырууда маалыматты ачык-айкын, так жана толук чагылдыруу принциптерине таянат. Улуттук банк тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, ал аудит боюнча эл аралык стандарттарына ылайык, эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Жогорку Кеңешке сунушталган. Улуттук банктын 2021-жыл үчүн финансылык отчету Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяланган.