Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура «Кумтөрдөгү» мыйзам бузууларды текшерүүнү баштады

Кыска кабар | 24 Авг 2022 | 301 | 0

«Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Эсептөө палатасы тарабынан «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш азыктары жана тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалган.

Ал эми Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM