Биз менен байланышыңыз

Эртең Нарында президенттин кубогу үчүн көк бөрү башталат

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 407 | 0

Эртең, 24-августта Нарында президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдиришти.

Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата уюштурулган мелдеш Нарындын Эмгекчил айылында өтөт.

Мелдешке жалпы өлкө аймагынан келген 19 команда катышат.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке биринчи лиганын курамында оюн көрсөткөн командалар гана катышат. Ал жогорку лиганын оюнчулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүдө.

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM