Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунан сүрөт баян

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 196 | 0

21-22-августта өлкөнүн бардык аймактарынан келген лидер жана саясатчы аялдардын, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу экинчи улуттук форуму өттү. Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы, лидерликке байланыштуу факторлорду кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча аянтча болду.

Форумга Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, райондук, облустук администрациялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын министрлер кабинетинде иштеген аялдар, «Эне-балага тирек» коомдук фондунун директору жана биринчи айым Айгүл Жапарова, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандагы БУУнун тутумунун туруктуу координатору Антье Граве, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башка саясий лидерлер катышты.

Биринчи айым Айгүл Жапарова аялдардын лидерлик форумдарын жыл сайын өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Кыргызстандагы «БУУ-Аялдар» түзүмү жана Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» коомдук фонду менен биргеликте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Биримдиги менен БУУнун «Теңдик Нуру» биргелешкен демилгесинин колдоосу менен уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM