Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, конституциянын 71-беренесине ылайык Азиз Канатбек Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
«Билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, «улуттук» макамы бар окуу жайлардын ректорун дайындоо укугу президентке өткөн. Анда ректорлорду шайлоо жолу менен эмес, дайындоо жолу менен бекитүү каралган.