Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.
Ал өз кайрылуусунда жол кырсыгы жөнүндө суук кабар кейишке салгандыгын билдирген.
«Жакындары каза болгон жарандарыбыздын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөм. Оор кырсыктан жабыр тарткан адамдарга тез сакайып кетишин тилейм. Ал эми жалпы мекендештеримди сабырдуу болуп, кырсыктан кабыргасы кайышып турган адамдарга колдоо көрсөтүүгө, колдон келген жардамыбызды берүүгө чакырам.
Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Алардын ар биринин жаркын элеси жүрөк түпкүрүндө бекем сакталат. Белиңиздерди бекем бууп, кайратыңыздардан жанбаңыздар. Жараткан сиздерди бөөдө кырсыктан, жабышкак дарттан, орду толгус жоготуудан сактасын» , — деп жазган Касмамбетов.