Connect with us

Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору болду

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 1175 | 0

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Тийешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

 «Билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, «улуттук» макамы бар окуу жайлардын ректорун дайындоо укугу президентке өткөн. Анда ректорлорду шайлоо жолу менен эмес, дайындоо жолу менен бекитүү каралган.

Төлөбек Абдырахманов  1962-жылы 1-январьда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган. 1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. Жалпы эмгек стажы 42 жыл.

Ал 2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы ректорлук кызматка дайындалган.

2015-жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жамаатынын көпчүлүк добушуна ээ болуп, кайрадан ректорлук кызматка шайланган. 2020 — жылы шайлоодо И. Арабаев атындагы КМУнун жамаатынын көпчүлүк добушу менен кайрадан ректор болуп шайланган. 2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 2013-жылы “Тарых”  адистигинин профессору наамына жана “Билим берүүнүн менеджменти” магистрлик даражасына  ээ болгон.  2014-жылы «Саясат-таануу» адистигинин профессору наамына татыган.

2021 -жылы Улуттук Академиянын мүчө-корреспонденттигине шайланган.

Төлөбек Абдырахмановдун 400 кө жакын эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен 17 монографиялары, документтердин жана материалдардын 10  жыйнактары, 21 окуу китеби жана окуу-методикалык колдонмолору жеке жана авторлоштукта, кыргыз, түрк жана орус тилдеринде Кыргызстан менен чет өлкөлөрдө жарык көргөн.

Copyright © 2017 Maral FM