Биз менен байланышыңыз

Баткенде кургак учукка кабылгандардын көпчүлүгү миграциядан жуктурушкан

Кыска кабар | 23 Авг 2022 | 214 | 0

Баткендин облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ишке ашырылууда. Демилге Саламаттык сактоо министрлиги жана Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан уюштурулууда.

Долбоордун максаты Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Реформалардын ичине комплекстүү санариптештирүү, облустук онлайн-консилиумдарды уюштуруу, медкызматкерлер үчүн каржылык шыктандырууну киргизүү камтылган.

Бордордун дарыгерлеринин айтымында, комплекстүү санариптештирүүнүн натыйжасында лабораториялык анализдерди онлайн режиминде алууга, бул дарыгерге дартты тез аныктоосун жана дарылоону баштоосун жөнгө салат.

Мындан сырткары врачтар менен медайымдардын ишин автоматташтырууга, бири-бири менен баарлашуу үчүн алардын жумуш убактысынын сарпталышын кыскартууга, күнүмдүк кагаз ишин олуттуу азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Борбор техникалык жабдыктар менен USAID тарабынан каржыланган.

Учурда Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда 22 бейтап дарыланууда. Алардын көбү сырткы миграциядан жуктуруп келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM