Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мелдеш: Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков финалга чыкты

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 615 | 0

Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында финалына чыкты.

Айпери Медетбек кызы жарым финалда 76 кг салмакта түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди.

Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбанды жеңди. Финалдык беттештер бүгүн саат 21:30да башталат.

Кечээ Ислам тилектештик оюндарында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын медаль алышкан.

Эске салсак, Түркиянын Конья шаарында 9-19-август аралыгында Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM