Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында финалына чыкты.
Айпери Медетбек кызы жарым финалда 76 кг салмакта түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди.
Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбанды жеңди. Финалдык беттештер бүгүн саат 21:30да башталат.
Кечээ Ислам тилектештик оюндарында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) алтын медаль алышкан.
Эске салсак, Түркиянын Конья шаарында 9-19-август аралыгында Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.