Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Араб өлкөлөрүнө эт жана бал экспорттойт

Экономика | 24 Июн 2022 | 2081 | 0

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик бир топ чет элдик ишкана менен макулдашуу жасады. Ага ылайык, Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына эт жана бал экспорттоо боюнча 11 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Ошондой эле жакын арада «Манас» эл аралык аэропортунун ишин жакшыртуу үчүн инвестор тандалары айтылды. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Өкмөтү инвесторлорду тартууга, алардын иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бул үчүн атайын Инвестиция министрлиги да түзүлгөн.

Андан сырткары быйыл апрель айында президент Садыр Жапаров «КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Агенттик инвестициялык долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк демилгелерин жана башка программаларды ишке ашыруу менен алектенет.

Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен БАЭнин соода жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында 11 млн долларга келишим түзгөнүн билдирди. Келишимге ушул жылдын июнь айында өткөн «Кыргызстан – БАЭ» бизнес-форумунда кол коюлган.

«Кыргызстан менен БАЭ Кыргызстандан азык-түлүк, анын ичинде бал жана этти экспорттоо боюнча 11 миллион долларга келишим түздү. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда «Кыргызстан – БАЭ» бизнес-форуму болуп өттү. Бизнес-форумдун сайтында ата мекендик экспортерлор жана ишкерлер үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын 20дан ашык компаниясынын өкүлдөрү менен B2B жолугушуулары уюштурулду. Ошондой эле БАЭ Кыргызстан менен туризм, айыл чарба, технология, ошондой эле жергиликтүү продукцияны экспорттоо сыяктуу тармактарга инвестиция агымын көбөйтүүгө кызыкдар».

Буга чейин «Манас» ал аралык аэропортун чет өлкөлүк компанияларга убактылуу иштетүүгө берүү боюнча сөз болгон. Мамлекет ал үчүн болжолдуу 400 млн доллар талап кылууда.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропортунун ишин алып баруу үчүн тажрыйбалуу инвесторлор изделүүдө.

Аэропорттун базасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторду тандоо жол-жобосу төрт этапта өтөт.

«Инвесторго берилгенден кийин ал жактагы бардык жумуш орун сакталат. Долбоордун планына ылайык, экинчи жылдан тарта биздин Эмгек кодексибизге ылайык, жумуш орундары көбөйөт. Бул жумуш орундарынын 70 пайызын Кыргызстандын жарандары ээлейт дегенди билдирет. Долбоорду ишке ашыруу аркылуу мамлекет ири инфраструктуралык инвестицияларды тартып, «Манас» аэропортунан түшкөн киреше көбөйүп, жүргүнчүлөрдүн саны да өсөт. Ошондой эле авиация тармагындагы бизнес-процесстер жакшырат».

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы Кыргызстанда жумушсуздукту азайтуу максатында ишканаларга инвестиция тартууда. Буга байланыштуу мекеме бир катар долбоорлорду иштеп чыкты.

Ишканын директорунун орун басары Манас Мураталиев беш айда 16 ишкана менен 125 млн сомго инвестициялык келишим түзүлгөнүн айтты. Ошондой эле жакында үч долбоор ишке кирет.

«Эки-үч айдан кийин жүн иштетүүчү ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ишкана жылына 100 тонна жүн иштетип, экспортко чыгармакчы. Бул инвестициялык долбоордун бюджети 80 млн сом. Мындан тышкары синтетикалык жүндөн кийиз жасоочу ишканабыз даяр. Анын көлөмү 25 млн сомду түзөт. Ошондой эле кургак боёк чыгаруу ишканасы курулууда. Бул өндүрүмдөрдүн бардыгы башка өлкөлөргө да экспорттолот».

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ири инвесторлорго «алтын паспорт» берүү сунушталууда.

Азыркы учурда депутаттар тарабынан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, Кыргызстандын экономикасына 300 миң доллар инвестиция салган инвестор Кыргызстандын «алтын паспортун», башкача айтканда, жарандыгын алат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, мамлекетке түз түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 503 млн доллардан ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га көбүрөөк болгон.

Кыргызстанга Кытайдан 27%, Түркия-16%, Улуу Британиядан 10% , Нидерландыдан 9%, ал эми  Германиядан 5% инвестиция келген.

Copyright © 2017 Maral FM