Биз менен байланышыңыз

Кумарканаларды ачуу мыйзамына добуш берүү «чуу» жаратты

Саясат | 22 Июн 2022 | 1660 | 0

Казино ачуу жана кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Мыйзам долбоору инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Өкмөт тарабынан иштелип чыккан. Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында казинолорду ачууга каршы митинг да болуп өттү. Алар кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттерин айтышып, мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылышкан. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Казино ачуу жана кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору 20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде үч окуудан өткөн. Долбоор ишке ашса, онлайн-казинолордун иштешине жана кумар оюндарын бардык ММКларда жарнамалоого уруксат бермекчи.

Мыйзам долбоорундагы онлайн-казинолорго жана бардык маалымат каражаттарында, телекөрсөтүү, билборддордо бардык кумар оюндарын 24/7 жарнамалоого мүмкүндүк берүүсү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буларды билдирди.

«Онлайн-казино боюнча биздин IT-адистер иштеп жатат. Ойноп жатканда сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек. Эгерде ал биздин жаран болсо, ага казино ойногонго тыюу салынат. Ошондой мүмкүнчүлүктөр бар экен. Биздин IT-кызматкерлер Беларустун Жогорку технологиялар паркына барып келди. Учурда анын үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары Грузияда реформанын баарын кылган Нико Галаури түзгөн «Реформатикс» компаниясы менен бүгүн келишим түзөбүз. 200 млн долларга ДАТА борбор курулуп, «Ютубду», «Фейсбукту» канча акча кетирип колдонсо, ошону көзөмөлдөй турган механизмди бизге сунуштап жатат. Ошол аркылуу биз ал жакта болуп жаткан жат көрүнүштөрдү, катышам деген биздин жарандардын мүмкүнчүлүгүн чектөөгө киргизип бериңиздер деп жатабыз. Жарым жылдын ичинде бул механизмдердин баарын турмушка ашырабыз».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казино боюнча мыйзам талкууланууга коюлгандан баштап, аны ачууда бир да кыргызстандык киши кумар ойнобосуна ишендирип келүүдө.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдө кризистик өзгөчө кырдаал бүтө элегин белгилеп, абалды турукташтырууга аталган мыйзам долбоору түздөн-түз байланыштуу болгондуктан комитетте үч окууда бир кабыл алынганын түшүндүрдү.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков: «Өлкөнүн бюджетин казинодон башка жол менен толтурууга болбойбу?» — деген суроо салды.

Акылбек Жапаров коңшу өлкөлөрдөн алдыга озуунун жалгыз жолу туризм экенин белгилеп, туризмдин ичинде оюн-зооктор эң чоң киреше алып келе турганын белгиледи.

«Туризм көп тармактуу болушу керек. Анын ичинде оюн-зооктор да болушу керек экен. Мына биздин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн арасында Орусияда, Беларусияда, Казакстанда жана Арменияда да казинолор иштейт. Биз туризмдеги билим берүү, ден соолукту чыңдоо, оюн-зоок жана аңчылык тармактары боюнча программаны иштеп чыкканбыз».

Ал эми депутат Жусупбек Коргонбай уулу: «Казинолор көмүскө экономикадагы мыйзамсыз акчаларды адалдаштыруу механизми болуп калбайбы?» — деп тынчсызданды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров адалдаштыруу менен алектенгендер өлкөгө киргизилбесин белгилеп, мыйзамсыз иштерге жол берилбесине сөз берди. Мыйзам бузуу болсо, камакка алынарын айтты.

«Эгерде андай боло турган болсо, Минискиде, Алматыда, Москвада жана башка өлкөлөрдө аларга уруксат бербейт болчу. Анда террорчулардын баары ошол жактан эле акчаларын алып кете бербейби, Кыргызстанга келбей эле. Биз ошолордун технологияларын колдонобуз. Дагы бир жолу айтайын, акчаны адалдаштыруу үчүн эмес, өз тапкан акчасына ойной турган туристтер үчүн болуп жатат».

Ал эми депутат Адахан  Мадумаров Башмыйзамда «Ата-бабабыздын наркын, салтын сактоо, Айкөл Манастын осуяттарына таянуу» деген баалуулуктар бекитилгенин айтып, кумардын түбү чыр менен бүтө турганын эскертти.

«Ата-бабабыздын салтында кумар оюну бар беле же алар кумардан пайда тапкыла деп айтты беле? Кыргыз илгертен баштап «кумардын түбү — чыр» деп айтып келет. Мына биздин ата-бабабыздын наркы-салты ушундай болгон. Акылбек мырза кайра-кайра айтып жатасыз, «Таиландда, Филипинде 400 млн пайда табат экен» деп. Ошол пайда тапкан маамлекеттерди Жараткан жазалап миллиарддаган чыгашага алып келип жатат. Суу басып, жер титиреп, баары жок болуп жатат. Арам бар жерде береке болбойт. Алардын тапкан акчасын эсептебеңиз, алардын жаратылыш кырсыктарынан тарткан чыгашасын эсептеп көрүңүз».

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн-казинолорду көзөмөлдөө жана коопсуздук боюнча буларды айтты.

«Көпчүлүк депутаттар ыйманды, динди кошуп айтып жатасыздар. Биз деле баарыбыз намаз окуган жигиттербиз, бирок «ыйман» деген жигиттерди да билем. Кайсы акча алмаштыруучу жайды иштетип, канча пайыздык ставка менен каражат берип жатканыңар тууралуу маалыматым бар. «Ыйман» деп коюп канча акчаны каерге алып барып берип жатканыңар документалдуу сакталган. Ыйманды айтып отурган депутаттардын казиного барып чыга албай, күнү-түнү жаткандары бар. Ал депутаттарды баарыбыз билебиз. Банкрот болуп калып кеткендер ушул жерде сүйлөп отурасыңар».

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт. Президент Садыр Жапаров казинолорду ачуу демилгеси боюнча түшүндүрмө берип, мамлекет Кыргызстандын жарандарынын казиного кирбешине 100% кепилдик берерине сөз берген.

Казино ачуу жана кумар оюндары боюнча мыйзам долбоору бир саатка созулган талашып-тартышуудан кийин 59 депутаттын «макулдугу» менен үч окууда бир кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM