Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнөр жай көргөзмөсү ата мекендик өндүрүшкө эмне берет?

Экономика | 20 Июн 2022 | 2110 | 0

Бишкекте Expo Russia-Kyrgyzstan-2022 биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Ал Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулат.

Көргөзмөдө машина куруу, металлургия, химиялык өнөр жай, энергияны үнөмдөөчү булактар жана башка технологиялар көрсөтүлөт. Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Ирандан 200дөн ашык компания катышат. Саамалык кыргызстандык ишкерлерге кандай пайда алып келет? 

Өнөр жай тармагында иш алып барган Кыргызстан менен Орусиянын ишкерлери катыша турган көргөзмө 21-июнда башталып, үч күнгө созулат.

Иш-чара Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Орусиянын «Зарубеж-Экспо» акционердик коому тарабынан уюштурулуп жатат. Ага Кыргызстандан жана Орусиядан бир топ ишкана катышат. Уюштуруучулардын айтымында, жергиликтүү ишканалар көргөзмө аркылуу товарын дүйнөлүк рынокко чыгара алат.

Улуттук инвестиция агенттигинин экспортту алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиев аталган көргөзмөдө өндүрүштүн канча түрү көрсөтүлөрүн тизмектеп берди.

«Эртең баштала турган көргөзмөдө бир канча сапаттуу өндүрүм көрсөтүлөт. Анда энергия жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар, машина куруу, металлургия, темир жол транспорту, мунай-газ өнөр жайы, химиялык өнөр жай, тоо-кен өнөр жайы, агроөнөр жай, жогорку технологиялык жана инновациялык тармак, банктык ишмердүүлүк, телекоммуникация, медицина, фармацевтика, медициналык туризм, билим берүү жана илим боюнча көргөзмө болот. Иш-чарада инновациялык технологиялар жана айыл чарбанын бардык тармагындагы иштеп чыгуулар көрсөтүлөт».

Көргөзмө менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум, орус-кыргыз кызматташтыгынын негизги тармактары боюнча тегерек столдор өтөт.

Соода-өнөр жай палатасына караштуу «Кыргыз-Экспо» борборунун директору Александр Савицкий иш-чарага кандай даярдыктар жүрүп жатканын айтып берди.

«Соода-өнөр жай палатасы менен «Зарубеж-Экспо» ишканасы ушундай форматтагы көргөзмөлөрдү өткөрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Биз бул көргөзмөлөрдү жыл сайын июнь айында өткөрөбүз. Биз техникалык жагын даярдайбыз. Ал эми инвестициялык агенттик бизнес программасына жооп берет. Көргөзмөнүн программасын карап чыксаңыздар болот. Пайдалуу жана жемиштүү күн болот десем жаңылышпайм. Ишкерлерди кызыктыра алган көргөзмө болоруна ишенем».

EXPO RUSSIA-KYRGYZSTAN-2022 көргөзмөсү менен чогуу орусиялык «Зарубеж-Экспо» ишканасы уюштурган EXPO EURASIA-2022 көргөзмөсү да өткөрүлөт. Ага Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жана Борбор Азиянын компаниялары катышат. Аталган мекеме 20 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көргөзмөлөрдү уюштуруп келет.

Мекеменин эл аралык кызматташтык боюнча директору Анатолий Николаев белгилегендей, көргөзмөгө катышкан ишканалар экспорттук-импорттук келишимдерди түзө алышат.

«Кыргызстан ушундай иш-чараны өткөрүүгө шарт түзүп берип жатат. Бул үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биздин компания буга чейин бир канча мамлекетте көргөзмөлөрдү уюштуруп келет. Аларга бардыгы болуп 30 миңден ашык орусиялык жана чет элдик компания катышып, пайдалуу экспорттук-импорттук келишим түзгөн. Кыргызстанда өтө турган көргөзмөдө да ишкерлер үчүн пайдалуу келишимдер, меморандумдарга кол коюлат деген ишеничтемин. Эртең баарыңыздар көргөзмөгө катышып кетиңиздер».

Өнөр жай көргөзмөсү онлайн жана офлайн форматта өтөт. Ага Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Ирандан 200дөн ашык компания, ал эми бизнес-форумга жалпысынан 500дөн ашык компания катышат.

Copyright © 2017 Maral FM