Биз менен байланышыңыз

Эгинин кара көө каптаган дыйкандарга жеңилдик берилбейт

Коом , Экономика | 17 Июн 2022 | 2145 | 0

Өлкөнүн айрым аймактарында арпаны кара көө каптап жатат. Бул үрөн Орусиядан экспорттолуп, жергиликтүү дыйкандарга эки жылдык мөөнөт менен насыяга берилген. Анын себептерин аныктоо үчүн Айыл чарба министрлиги комиссия түздү. Министрлик бул ылаң фермерлердин түшүмүнө таасир этпесин, эгинин кара көө баскан дыйкандарга жеңилдик берилбей турганын айтат. 

Талас облусунун Манас районунда үрөндү насыяга алган дыйкандар арпаны кара көө каптап жатканын айтышып, насыяны бөлүп төлөө үчүн өкмөттөн жеңилдик сурап кайрылышкан.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев ушул жылы дыйкандарга Орусиядан келген 277 тонна арпа насыяга берилип, ал 1 миң 380 гектар жерге себилгенин билдирди.

Министрдин орун басары арпаны каптаган кара көө дыйкандардын түшүмүнө таасир этпесин айтып, эмне себептен насыя төлөөдө жеңилдик берилбей турганын түшүндүрдү.

«Насыя эки жылга берилген. Комиссия кара көөнүн экономикалык зыяны төмөн, 0,5 % деп аныктады. Дыйкандар түшүмүн алат, жабыркабайт. 200 килограмм сепкен дыйкан орто эсеп менен үч тонна алат. Үч тонна арпадан 65-70 миң сом пайда алат. Чыгымы 10 миң сомдун тегерегинде. Айырмасы бир топ эле чоң. Фермер мындан жабыркабаса, эмне үчүн жеңилдик болушу керек?»

Айыл чарба министрлиги ушул жылдын башында Орусиядан 12 миң тоннадан ашык арпа-буудайдын үрөнүн алууга келишим түзгөн. Орусия-Украинадагы кырдаалга байланыштуу үрөн кечигип, 10 миң тоннасы гана Кыргызстанга келген. Калган үрөн жакында экспорттолот. Анын ичинен 6 миң тоннасы себилип, калганы кийинки жылга сакталууда.

Министрликтин өкүлү Дамир Байдалиевдин айтымында, мамлекет сырттан келген үрөндү дыйкандарга берүүдөн мурда текшерип чыгат. Мындан сырткары ал эмне себептен арпаны кара көө каптап жатканы тууралуу айтып берди.

«Кара көө эки жылда өнүгөт. Бир жылкысы инкубациялык мезгил, экинчиси кара көө пайда болгону. Инкубациялык мезгилде турганда үрөндүн уругуна клеткасы барып жармашат. Үрөндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Качан башы пайда болгондон тарта өнө баштайт. Мындан анчалык трагедия кылуунун кажети жок. Бул түшүмдү үрөндүк материал катары пайдаланганга болбойт. Ал эми дыйкандар муну чарбалык багытка гана пайдаланышат. Жыл сайын мындай көрүнүш ар бир чарбада болуп турат. Үрөндүк себүүдөн гана чыгарып салабыз».

Өлкөгө арпанын үрөнү Орусиянын «Семена Ставрополья» фирмасынан экспорттолот. Министрлик кара көөнүн биринчи фактысы катталгандан кийин аталган ишканага чара көрүү боюнча маалымат жиберген.

Өсүмдүк чарбасы жана өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиев жакында ишкананын жетекчиси Кыргызстанга келип, кара көө катталган жерлердеги абал менен таанышарын кабарлады.

«Азыркы учурда комиссия түзүлдү. Алар жер-жерлерди кыдырып, канча жерде катталганы боюнча тактап жатышат. Учурда жыйынтыкталып жатат. Биз бул көйгөйдүн алдын алуу максатында «Семена Ставрополья» фирмасынын директорун чакырдык. Ал 20-июнда учуп келет. Келгенден кийин бүт чогулган актыларды беребиз. Дагы изилдеп, чогуу чара көрөбүз».

Орусиядан 3,5 миңден ашуун тонна арпанын үрөнү алынып, ал Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын дыйкандарына 4,5%дык жеңилдик менен «Айыл банк» аркылуу эки жылга насыяга таратылган.

Copyright © 2017 Maral FM