Биз менен байланышыңыз

Өндүрүүчү менен сатуучунун келишпестигин так чечкен мыйзам керек болууда

Экономика | 10 Июн 2022 | 1047 | 0

Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда көйгөй жаралууда. Тагыраагы, ишкерлер соода түйүндөрү аркылуу товарын сатууда бир топ тоскоолдуктарга туш болуп жатат. Бул маселе боюнча бүгүн мамлекеттик өндүрүүчүлөр маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылышты. Алардын айтымында, соода борборлору товардын үстүнө кошуп саткандан тышкары сатылган товардын 15%ын мыйзамсыз кармап калууда. Мындай учурду жөнгө салган мыйзам кабыл алынган. Бирок иштебей турат. 

Президенттин №25 жарлыгына ылайык, Кыргызстанда өндүрүлгөн товар базарларга жана соода түйүндөрүнө тоскоолдуксуз кириши керек. Ишкерлердин кайрылуусуна караганда, аталган жарлыкка айрым соода борборлору баш ийбейт. Бул маселе эки жылдан бери, тагыраагы, коронавирус пандемиясы башталгандан тарта көтөрүлүп келет.

«Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү» ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев соода түйүндөрү аркылуу товар сатуу оңойго турбасын түшүндүрдү. Алар кандай жолдор менен кошумча акча иштеп жатканын айтып берди.

«Негизи «Глобус», «Народный» жана башка ушул сыяктуу соода түйүндөрү жөнүндө сөз болуп жатат. Аларда атайын ретро-бонус деген нерсе бар. Бул деген сатылган товардан өздөрүнө комиссия иретинде 15%га чейин алып калышат. Андан сырткары маркетинг кызматтары деп да кошумча акча алышат. Негизгиси, төлөмдү кийинкиге калтыруу деген бар. Ал товарды бүгүн алып барсаң, 45 күнгө чейин созулуп кетип жатат».

Буга чейин ата мекендик ишкерлер менен соода түйүндөрүнүн ортосундагы балансты жөнгө салуу максатында «Ички соода жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Быйыл апрель айында ага өзгөртүүлөр киргизилип, коомдук талкууга коюлган. Андан бери бир айдан ашуун убакыт өтсө да, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы кайра каралбай турат.

Сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Темирбек Ажыкуловдун айтымында, бул көйгөй чечилбей келгенден улам бир канча ишкердин бизнеси аксап жатат. Ал тез арада «Ички соода жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын ишке киргизүү керек деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө мамлекет башындагыларга үнү жетпей жаткан канчалаган ишкерибиз бар. Аймактардагы ишкерлерди да эске алуу зарыл. Майда ишкерлер ушундай тоскоолдуктардын айынан өспөй жатат. Бул маселе парламенттин, президенттин, өкмөттүн деңгээлинде каралышы керек. Бул боюнча Экономика министрлиги өзүнүн корутундусун чыгарып берген. Алар колдоп беришти. Ал эми өкмөттөн кайра колдоо таппай келет. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Долбоордо баары мыйзам чегинде, экономикалык негизде жазылган, далилдер менен даярдалган. Бүгүнкү күндө мыйзамдарыбыз токтоп калды».

Ишкер Сүйүндүк Кадыров сүт азыктарын чыгаруу менен алектенет. Ал сүт социалдык жактан маанилүү товар болгондуктан, аны соода түйүндөрүнөн кымбат баада сатып алууда кардарлар да кыйналып жатканын айтат. Сатууга келгенде мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктердин натыйжасы азайып кетүүдө.

«Мамлекет КНСти жеңилдетип, класстер түзүп, бардык жактан жардам берип жатат. Бирок сата келгенде кыйынчылыктар бар. Супермаркеттердеги ретро-бонустар, кошумча акчалар үчүн жумушубуз артка кетүүдө. Сүттү ар бир үй-бүлө мүчөсү ичет. Сатып алуучулар үчүн да кымбат болуп кетти. Сатып алуу мүмкүнчүлүгү да азайып жатат. Сатууга келгенде бардык жеңилдиктердин натыйжасы сезилбей калууда. Натыйжаны көтөрүү үчүн мамлекет көзөмөлдөгөн мыйзам керек».

Ишкерлер жогорку бийлик өкүлдөрүнөн «Ички соода жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын ишке киргизүүнү суранышат. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн сунушу, парламент депутаттарынын демилгеси менен оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген мыйзам долбоору 25-апрелде коомдук талкууга коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM