Биз менен байланышыңыз

8-июнда 36 градус ысык болот

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 381 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-июнда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Чүй, Нарын облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM