Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев дүйнө салды

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 701 | 0

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, генерал-майор Замир Молдошев каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Замир Молдошев 7-июнда 69 жаш курагында дүйнө салды.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы 1953-жылы 5-сентябрда Кыргыз ССРнин Ош облусуна караштуу (учурдагы Жалал-Абад) Сузак районундагы Октябрь айылында туулган.

Аскердик карьерасын 1971-жылы баштап, взводдун командиринен тарта, Чек ара кызматынын төрагасы кызматына чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM