Биз менен байланышыңыз

Абдрахматова: Көп сунуштарыбыз аткарылбай калып жатат

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 333 | 0

Акыйкатчы жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгышы керек. Ошондо институттун укук коргоо органдары менен иштөөсү жакшы деңгээлге көтөрүлөт.

Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйында жылдык баяндама жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, акыйкатчынын сунуштамалары мамлекеттик органдар тарабынан аткарылбай калган учурлар көп болууда.

«Жаңы мыйзам кабыл алып берсеңиздер укуктук жактан келишпестиктер жөнгө салынмак деп ишенебиз. Андан тышкары бир тараптуу арыздар бар, сотторго нааразылык көп, саясий маселелер бар. Акыйкатчы институтунун негизги принциби — бул калыстык. Мен орун басарыма жана башка кызматкерлерге айтып жатам, келген арыздын экинчи тарабын да талдайбыз. Кээде адам укугун коргойбуз деп тескери жыйынтыкка барып калышыбыз мүмкүн болуп жатат. Ошол үчүн азыр иштөө принциптерин өзгөртүп жатабыз», — деди акыйкатчы.

Атыр Абдрахматованын баяндамасына ылайык, Акыйкатчы институтуна 2019-жылы 11 миң, 2020-жылы 9,5 миң жана 2021-жылы 13 миң арыз-даттануу менен кайрылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM